Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФЧМКнын кызматкерлери ЕККУ аймагында маданий баалуулуктарды мыйзамсыз трансчек аралык жүгүртүүгө каршы күрөшүү семинарына катышты

05-09-2024

2024 – жылдын 2- сентябрынан 4-сентябрына чейинки мезгилде Антальяда (Түркия) ЕККУ аймагында маданий баалуулуктарды мыйзамсыз чек – ара аралык жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө арналган эл аралык семинар болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (ФЧМК) жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Семинардын алкагында ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулар кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана коррупция менен күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу менен маданий баалуулуктарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашышты.

Семинар актуалдуу чакырыктарды талкуулоо, маданий мурастарды коргоо жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү жаатында улуттук жана эл аралык кызматташтыктын чечимдерин иштеп чыгуу үчүн аянтча болуп калды.