2024-жылдын 2-сентябрынан 4 сентябрына чейин Туркия мамлекетинин Анкара шаарында болуп откон «акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо менен күрөшүүдө ыкчам маалыматтарды пайдалануу» атту темадагы эл-аралык семинарга ФЧМКнын кызматкерлери катышты.
Иш-чара Европа Биримдигинин терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонду жана финансылык кылмыштарды иликтөө Кеңеши (Masak) тарабынан уюштурулган.
Семинар каржылык маалыматты алгылыктуу далилдерге айландыруу үчүн кызматташтыкты, инфраструктураны жана кызыкдар тараптардын потенциалын бекемдөөгө багытталган, бул каржылык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча глобалдык аракеттерди бекемдөөгө жана коопсуз каржы тутумун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Мындай семинарга катышуу, кызматкерлердин тажрыйба алмашууга, актуалдуу билим алууга жана финансылык кылмыштарга натыйжалуу каршы туруу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү жакшыртуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.