2024-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.А. Касымалиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында иштеп жаткан Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Комиссиянын 12-жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык тобуна (мындан ары - ЕАТ) мүчө мамлекеттерди өз ара баалоонун 3-раундунун алкагында Кыргыз Республикасын өз ара баалоого даярдоо жана өткөрүү боюнча 2024–2026-жылдарга стратегиялык иш планды аткаруу жөнүндө маселе каралды.
Ошондой эле компетенттүү органдардын жана жеке сектордун өкүлдөрүнүн ичинен Кыргыз Республикасынын командасынын курамы бекитилди, ал эми Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын өз ара баалоо процессинин координатору болуп дайындалды.
Мындан тышкары, ЕАТтын 41-пленардык отурумунун жыйынтыктары көрсөтүлдү жана ЕАТтын 20 жылдыгынын урматына юбилейлик сыйлыктар менен сыйланышты.