2024-жылдын 3-августунан 26-августуна чейинки аралыкта ФЧМКнын өкүлү Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Америка Кошмо Штаттарынын ар кандай шаарларында болуп өткөн «Натыйжалуу жана ачык-айкын мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү» темасында эл аралык сапарлар программасына катышты. Иш-чараны АКШнын Мамлекеттик департаментинин Билим берүү жана маданият иштери боюнча бюросу уюштурган.
Иш-чаранын алкагында 20га жакын ар түрдүү ведомстволордун өкүлдөрү менен өкмөттүн ачыктыгы жана отчеттуулугу, электрондук өкмөттүн заманбап ыкмалары жана ачык-айкындуулуктун соода, инвестиция жана экономикалык өнүгүүгө тийгизген таасири боюнча жолугушуулар болду.