Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФЧМКнын төрагасы К.К.Асангулов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Финансылык коопсуздук боюнча IV Эл аралык олимпиаданы чагылдыруу алкагында эл аралык иш-чараларга катышты.

07-10-2024

Россия Федерациясынын, Краснодар крайындагы, Сириус федералдык аймагында 2024-жылдын 30-сентябрынан баштап 4-октябрына чейин Финансылык коопсуздук боюнча Эл аралык олимпиаданы (мындан ары - Олимпиада) өткөрүү иш-чаралары болуп өттү, алар дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн 600 дөн ашык катышуучуларды бириктирди.

Бул жылдагы Олимпиаданын финалына төмөнкү 36 өлкөнүн өкүлдөрү чыкты: Азербайжан, Алжир, Аргентина, Армения, Бахрейн, Беларус, Боливия, Бразилия, Венесуэла, Вьетнам, Египет, Индия, Индонезия, Иран, Ирак, Казакстан, Кытай, Куба, Кыргызстан, Ливан, Мавритания, Марокко, Мексика, Намибия, БАЭ, Оман, Пакистан, Перу, Россия, Сауд Арабиясы, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Түштүк Африка, Эквадор жана Эфиопия.

Кыргыз Республикасынан Олимпиадага ар кайсы жогорку окуу жайларынан 10 студент катышты. Студенттер Олимпиаданын бардык этаптарын ийгиликтүү аяктап, татыктуу жыйынтыктарды жана терең билимди көрсөтүштү. 166 мектеп окуучулары жана студенттер жеңүүчү жана байге ээлери болушту, алардын арасында биздин өлкөнүн өкүлдөрү да болушту. Студент Кубанычбекова Сезим Эл аралык мамилелер багытында биринчи орунду алса, Экономика багытында Мамаева Айназик жеңүүчү болду.

Ошондой эле, IV Олимпиаданын талааларында маанилүү эл аралык иш-чаралар болуп өттү:

  • Олимпиадага катышкан өлкөлөрдүн финансылык чалгындоо башчыларынын катышуусундагы тегерек стол;
  • АА/ТИКК чөйрөсүндөгү Эл аралык тармактык институттун кеңешинин 21-отуруму;
  • БРИКС өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жаштарды финансылык коопсуздук чөйрөсүнө тартуу маселелери боюнча жолугушуусу;
  • ЕАТтын жыл сайын өтүүчү Финансылык мекемелердин комплаенс адистеринин арасында Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү максатындагы эң мыкты анализ боюнча 3-конкурсу;

Жаштарды мыйзамсыз иштерге тартуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн айрым жагдайлары, Финансылык коопсуздук боюнча Эл аралык кыймылга катышуу маселелери талкууланды.

Иш-чарада Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык кыймылды мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Катышуучулар бул кыймыл акчаларды адалдоого каршы аракеттенүүнүн улуттук системаларына адистерди даярдоо үчүн аянтча болооруна ишенишерин билдиришти. Заманбап санариптик технологиялар боюнча терең билимге ээ болгон жаш муундун ролуна өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле санариптик чөйрөдө жаштардын алдында турган тобокелдиктер маселеси көтөрүлүп, агартуучулук иштин маанилүүлүгү баса белгиленди. Эл аралык кыймылды колдоо, анын ичинде методологиялык жана ченемдик коштоо, финансылык коопсуздук боюнча улуттук олимпиадаларды уюштуруу, биргелешкен илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү, ошондой эле ЕАТ жана БРИКС өлкөлөрүндө АА/ТИКК тармагында адистерди даярдоо жөнүндө маалымат берилди.

Беларус, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген делегаттар өз иштерин көрсөтүштү.

Бул жылы берилген материалдар жогорку деңгээлде даярдыктан өткөндүгү менен өзгөчөлөндү. Сынактын катышуучулары тарабынан сунушталган финансылык иликтөөлөрдүн иштери криптовалюталарды P2P колдонуу менен схемотехникага - эсептөө, мисселингге багытталган. Конкурстук комиссиянын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Казакстандын өкүлү жеңүүчү болду, Түркмөнстан менен Тажикстандын конкурсанттары лауреат болушту. Көрөрмандардын симпатиясы сыйлыгын орус банкынын кейси алды.

  • "Сириус-2024" Финансылык коопсуздук боюнча III эл аралык форуму.

Иш-чаранын темасы: «Жаштарды укукка каршы аракеттерге тартуу тобокелдиктери жана аларды ишке ашырбоо чаралары. Жаш муундун финансылык коопсуздугун камсыз кылуу». Катышуучулар алдамчылыкка жана башка финансылык кылмыштарга каршы күрөшүү, жаңы технологияларды укукка каршы максаттарда колдонууга каршы туруу, ошондой эле АА/ТИКК чөйрөсүндө мыйзамдык жөнгө салуу маселелерин талкуулашты. Жаштарды криминалдык иштерге тартуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Жаш кезинен эле каржылык коопсуздук жөнүндө сөз кылуу, жаштардын мыйзамсыз аракеттерге кантип аралашып кетиши мүмкүн экендигин көрсөтүү жана мүмкүн болгон кесепеттерин түшүндүрүү керектиги белгиленди.

Бул маселелерди чечүүдө өзгөчө роль жаңыдан түзүлгөн Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык кыймылга берилген, ал кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча ар кайсы өлкөлөрдүн жаштарын агартуу үчүн аянтча болуп калууга багытталган.

Форумдун жыйынтыгы боюнча Декларация кабыл алынып, анда Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык кыймылды түзүүнүн жана алга жылдыруунун маанилүүлүгү баса белгиленди. Документте финансылык көз боемочулук, коррупция, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, терроризмди каржылоо, заманбап технологияларды кылмыштуу максаттарда пайдалануу, калкты "дроперлукка" тартуу жана жаштарды мыйзамсыз иштерге тартуу сыяктуу жалпы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу үчүн бардык өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү зарылдыгы баса белгиленет.

Олимпиаданын иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү ар кандай мастер-класстарга, интерактивдүү көргөзмөлөргө, "Графус" платформасында финансылык иликтөөлөр боюнча чемпионатка катышышты, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдөн келген атактуу эксперттердин чыгып сүйлөөсү маанилүү окуя болду, алар студенттерди жаңы жетишкендиктерге шыктандырып, өз тажрыйбалары жана билимдери менен бөлүшүштү. Мастер-класстар жана панелдик дискуссиялар жылуу жана достук маанайда өтүп, жемиштүү баарлашуу жана пикир алмашуу үчүн шарттарды түздү.

Олимпиаданын катышуучулары финансылык коопсуздук боюнча эл аралык кыймылга мүчө болушту жана өлкөбүздө Олимпиаданын идеяларын жайылтууну улантышат деген үмүттөбүз.