Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Пресс-релиз

31-10-2024

2024-жылдын 28-октябрынан 30-октябрына чейинки аралыкта ФЧМКнын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Биргелешкен Вена институтунун «Салык органдарынын жана арам акчаны адалдоого каршы органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо» темасындагы жеке семинарга катышты, аталган иш-чара Австриянын Вена шаарында өттү.

Семинардын жүрүшүндө салыктык укук бузуулар боюнча иштерди аныктоонун жана кароонун өзгөчөлүктөрү жана финансылык чалгындоо органынын салык органдары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча тажрыйба алмашуу маселелери козголду.