Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин өкүлдөрү менен Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жолугушуусу

05-09-2025

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (ФЧМК) АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин Баңги заттарга каршы күрөшүү жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча эл аралык маселелер бөлүмүнүн (INL) башчысынын милдетин аткаруучу менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө МКЧКнын өкүлдөрү каржы чалгындоо органынын мандаты жана негизги ишмердүүлүк багыттары тууралуу маалымат берип, мурдагы жылдарда INL бөлүмү менен ишке ашырылган биргелешкен долбоорлор боюнча тажрыйба бөлүшүштү.

Тараптар каржы кылмыштарына каршы күрөш тармагында мындан аркы кызматташууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.