Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы «Beneficial Ownership» (JV25.40) эл аралык программасына катышты.

19-11-2025

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү 2025-жылдын 10-14-ноябрында Вена шаарында (Австрия) Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) колдоосу менен Joint Vienna Institute (JVI) тарабынан уюштурулган «Beneficial Ownership Clinic» (JV25.40) атайын эл аралык программасына катышты.

Программа бенефициардык ээлик кылуу улуттук тутумдарынын ачык-айкындуулугун өркүндөтүү жана катышуучу мамлекеттердин мыйзамдарын кирешени адалдоого каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (FATF) актуалдуу стандарттарына, атап айтканда, 24 жана 25-сунуштарга ылайык келтирүү маселелерине арналды. Интенсивдүү лекциялардын жана практикалык сессиялардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкүлөрдү изилдешти:

- Бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматты идентификациялоого, верификациялоого жана актуалдаштырууга карата FATFтын эл аралык талаптары;

- Бенефициардык ээлеринин улуттук реестрлерин түзүүнүн жана иштетүүнүн заманбап ыкмалары;

Маалыматтардын тактыгын камсыз кылууда финансылык чалгындоо, каттоочулар, салык органдары, борбордук банктар жана башка ведомстволордун ролу;

- Татаал корпоративдик түзүмдөрдү талдоо жана номиналдык менчик ээлерин аныктоо ыкмалары;

- Бенефициардык ээсинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча Австриянын, Чехиянын, Венгриянын, Украинанын жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы;

- Discrepancy-reports механизмдери, санкциялык режим жана маалыматтарды тобокелдикке багытталган текшерүү.

Программага катышуу учурунда Кыргызстандагы бенефициардык ээлерин идентификациялоо тутумунун учурдагы абалы жөнүндө маалымат берилди; маалыматтарды жаңыртуу жана ведомстволор аралык координация маселелери боюнча ЭВФтин эксперттери менен консультациялар жүргүзүлдү; ЕАТнын алдыдагы өз ара баалоосуна даярдык көрүү алкагында колдонуудагы мыйзамдардын FATFтын талаптарына шайкештигине талдоо жүргүзүлдү.

Программага катышуу Кыргыз Республикасынын институционалдык потенциалын чыңдоого жана эл аралык стандарттарды эске алуу менен менчик ачыктыгы тутумун андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.