Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргызстанда Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун семинары: блокчейн технологияларын колдонуу менен кирешелерди адалдоого каршы чараларды күчөтүү

02-12-2025

2025-жылдын 19–20-ноябрында Бишкек шаарында виртуалдык активдер жана блокчейн негизиндеги финасылык инструменттер аркылуу акчаны адалдоого каршы аракеттенүү боюнча тематикалык семинар өткөрүлдү. Иш-чараны Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Экономикалык жана экологиялык ишмердүүлүк боюнча координатор бюросу (ЕККУ ЭЭИКБ) тарабынан уюштурулуп, санариптик активдерди мыйзамсыз пайдаланууга байланыштуу заманбап чакырыктарды, ошондой эле виртуалдык активдерге байланыштуу каржылык кылмыштарды аныктоо, иликтөө жана алдын алуу механизмдерин өркүндөтүү жолдорун талкуулоо үчүн аянтча болуп калды.

Семинарга ЕККУ ЭЭИКБнын Экономикалык башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Вера Стробачёва-Будвей, улук адис жана долбоор менеджери Зураб Саникидзе, долбоор ассистенти Умида Шарифбаева катышты. Анын алкагында виртуалдык активдер боюнча ЕККУнун башкы эксперти, Михал Громек (Швеция/Польша), жана блокчейн боюнча иликтөө жана уурдалган криптоактивдерди кайтаруу боюнча адиси, Марчин Зараковски (Польша/Швейцария) семинарда негизги баяндамаларды жасашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар виртуалдык активдерге байланыштуу кылмыштардын өсүшүн, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн татаалдыгын, жаңы финансылык коркунучтарга өз убагында жооп кайтаруу зарылдыгын, ошондой эле санариптик активдерди тоңдуруу, камакка алуу жана кайтаруу маселелерин талкуулашты. Блокчейн-аналитиканы колдонуу тажрыйбасы, виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрү менен кызматташуу жана улуттук мыйзамдарга мүмкүн болгон өзгөртүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду.

Семинар мамлекеттик органдардын, финансы секторунун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө, ошондой эле мыйзамсыз финансылык операцияларга каршы күрөшүү боюнча чараларды күчөтүү жана финансылык системанын жаңы чакырыктарга туруктуулугун жогорулатуу боюнча мындан аркы кадамдарды аныктоого көмөктөштү.