Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргызстан Эгмонт тобунун жумушчу топторунун сессия аралык жыйынына катышты

30-01-2026

2026-жылдын 25–30-январь күндөрү Кыргыз Республикасынын делегациясы Бириккен Танзания Республикасына караштуу Аруша шаарында өткөн Эгмонт тобунун жумушчу топторунун сессия аралык жыйынына катышты.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү төрт жумушчу топтун жана «Евразия» аймактык тобунун жыйындарына катышып, анда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Алишеров Б.А. өлкөдө жана аймакта кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү тобокелдиктер жана тенденциялар боюнча презентация менен баяндама жасады. Презентациянын жүрүшүндө улуттук жана регионалдык тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктарынын негизинде аныкталган актуалдуу коркунучтар, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди адалдоо/терроризмге каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасы тарабынан көрүлүп жаткан чаралар сунушталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Таиланд жана Индонезия мамлекеттеринин финансылык чалгындоо бөлүмдөрү менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, анда эл аралык кызматташууну чыңдоо жана маалымат алмашууну кеңейтүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары, Мадагаскар жана Сейшель аралдарынын финансылык чалгындоо бөлүмдөрү менен эл аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жана тараптардын аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдарга кол коюлган.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын сессия аралык жыйындарга катышуусу өлкөгө Эгмонт тобунун алкагындагы негизги, фундаменталдык жана саясий багытты аныктаган долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга, эл аралык байланыштарды бекемдөөгө, алдыңкы чет өлкөлүк эксперттер менен тажрыйба алмашууга, ошондой эле финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ФАТФ/ЕАТнын алдыдагы өз ара баалоо раундуна даярдык көрүү боюнча практикалык сунуштарды алууга мүмкүндүк берди.