
2026-жылдын 27-февралында видеоконференция форматында Кыргыз Республикасынын улуттук командасынын Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразия тобунун (ЕАТ) координациясы астында баалоочулар командасы менен алгачкы жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоого (ККЛ/ТК/МККЖК) каршы күрөшүү боюнча улуттук системаны өз ара баалоонун 3-раундуна даярдоо алкагында уюштурулган. Жолугушуунун жүрүшүндө ЕАТ тарабынан баалоочулар командасы, андан соң Кыргыз Республикасынын улуттук командасынын мүчөлөрү тааныштырылды. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан ККЛ/ТК/МККЖК системасынын тобокелдиктери жана контексти жөнүндө кеңири презентация тартууланды, анын ичинде:
• өлкөнүн социалдык-экономикалык, укуктук жана институционалдык контекстинин мүнөздөмөсү;
• ККЛ/ТК/МККЖК чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди улуттук баалоо жөнүндө маалымат;
• финансылык жана финансылык эмес секторлордун маанилүүлүгүн талдоо;
• аныкталган тобокелдиктерди жана аларды минималдаштыруунун артыкчылыктуу багыттарын негиздөө.
Презентациянын жыйынтыгында суроо-жооп сессиясы өткөрүлүп, анын жүрүшүндө баалоочулар командасы өлкөнүн контексти, тобокелдиктердин деңгээли, ошондой эле улуттук ККЛ/ТК/МККЖК системасынын иштешин камсыз кылууда экономиканын айрым секторлорунун ролу боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү алышты.
Аталган жолугушууну өткөрүү өз ара баалоо процессинин маанилүү этабы болуп саналат жана Кыргыз Республикасы тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жаатында кабыл алынган чаралардын натыйжалуулугун эл аралык стандарттарга ылайык ар тараптуу жана объективдүү талдоону камсыз кылууга багытталган.