
2026-жылдын 30-мартында Алматы шаарында Борбордук Азиядагы кылмыштуу кирешелерди адалдоонун тобокелдиктерине каршы стратегиялык жана операциялык чараларды күчөтүү маселелерине арналган ЕККУнун виртуалдык активдер боюнча жогорку деңгээлдеги аймактык конференциясы болуп өттү.
Иш-чарага аймак өлкөлөрүнүн финансылык көзөмөл органдарынын, борбордук банктардын, финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык эксперттер катышты. Кыргыз Республикасынан конференцияга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Бакытбек Алишеров катышты.
Катышуучулар трансчегаралык кылмыш схемаларын жана системалык кемчиликтерди, ККЛ/ТКК боюнча эл аралык стандарттарга шайкештик маселелерин, жөнгө салуу жана көзөмөлдү күчөтүүнү, укук коргоо органдары үчүн практикалык инструменттерди, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнү, ошондой эле виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү лицензиялоонун аймактык моделдерин талкуулашты.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү трансчегаралык кызматташууну чыңдоо жолдорун, анын ичинде маалымат алмашуу, аракеттерди координациялоо жана криптоактивдерди колдонуу менен акчаны адалдоого каршы аймактык топ түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Виртуалдык активдерге байланышкан кылмыштардын трансчегаралык мүнөзүн эске алуу менен потенциалды мындан ары жогорулатуу жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Эл аралык өнөктөштөр аймактын өлкөлөрүнүн финансылык коопсуздугун чыңдоого жана глобалдык финансылык системаны коргоого колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр экендиктерин ырасташты.
Конференция аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана виртуалдык активдерге байланыштуу тобокелдиктерди башкаруу ыкмаларын өркүндөтүүдө маанилүү этап болуп калды.