Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Ташкент шаарында акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча регионалдык жана тармактар аралык семинар өттү

15-04-2026

2026-жылдын 14-15-апрелинде Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча регионалдык жана тармактар аралык семинарга катышты. Аталган иш-чара Франциянын Магистратуранын улуттук мектеби (ENM) тарабынан Франциянын Юстиция министрлиги, «Expertise France» (EF) агенттиги, Франциянын сот аткаруучуларынын улуттук палатасы (CNCJ), Франциянын адвокаттар палаталарынын улуттук кеңеши (CNB) жана Франциянын нотариаттын жогорку кеңеши (CSN) менен өнөктөштүктө уюштурулган.

Катышуунун негизги максаты кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан кылмыштарды аныктоо, иликтөө жана квалификациялоо маселелери боюнча ФЧМК кызматкерлеринин кесиптик потенциалын жогорулатуу болду. Семинардын ишине Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын өкүлдөрү, ошондой эле француз эксперттери катышты.

Иш-чаранын программасы ККЛ/ТК чөйрөсүндөгү методология жана кесиптик тобокелдиктер, кылмыштарды тармактар аралык талдоо, ошондой эле шектүү операцияларды аныктоодон тартып соттук куугунтукка чейинки бардык этаптардагы териштирүүнүн өзгөчөлүктөрүн камтыды. Айрыкча профилдик адистердин ишмердүүлүгүнүн укуктук жана этикалык аспектилерине, эл аралык кызматташтык механизмдерине, анын ичинде активдерди камакка алуу жана кайтаруу маселелерине, ошондой эле шектүү операциялар боюнча кабарлоо системаларына жана маалымдоочуларды коргоого өзгөчө көңүл бурулду.

Семинарга катышуу финансылык чалгындоо, сот жана укук коргоо органдарынын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, ошондой эле Франциянын, Өзбекстандын жана Казакстандын өкүлдөрүн камтыган чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө мүмкүндүк берди.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча алынган билимдерди жана француз ыкмаларын ФЧМКнын аналитикалык жана практикалык ишмердүүлүгүнө киргизүү, ошондой эле ККЛ/ТК улуттук системасын өркүндөтүү боюнча, анын ичинде шектүү операциялар тууралуу отчеттуулук механизмдерин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу күтүлүүдө. Мындан тышкары, алынган окуу материалдары жана практикалык кейстер финансылык чалгындоо тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатууда колдонулат.

ФЧМК кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча системалуу ишин улантууда.