Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФЧМКга маалымат берүү маселелери боюнча ФЧМК жана АУРВАнын жумушчу жолугушуусу жөнүндө

09-07-2026

ПРЕСС-РЕЛИЗ

ФЧМКга маалымат берүү маселелери боюнча ФЧМК жана АУРВАнын жумушчу жолугушуусу жөнүндө

2026-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында (ФЧМК) «Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы» ЮЖБнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Талкуунун негизги темасы ФЧМКнын «Тизмекти, маалымдаманы, типтүү формаларды жана нускамаларды бекитүү жөнүндө» жаңы буйругун күчүнө киргизүү маселеси болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрү (ВАКК) тарабынан маалымат берүү чөйрөсүндөгү түзүлгөн маселелерди талкуулашты. Ассоциациянын өкүлдөрү ФЧМК тарабынан айыптык санкцияларды болтурбоо максатында, маалыматтарды берүүгө, ошондой эле мыйзам талаптарын сактоону жакшыртууга байланыштуу бизнестин бир катар көйгөйлөрүн айтып өтүштү.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү, тараптар КИК/ККЛКА (кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү) стандарттарына толук берилгендигин жана маалымат берүү жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча мындан ары кызматташууга даяр экендигин ырасташты.