Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

КР ИИМдин ККББ кызматкерлери Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери үчүн «Киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү жана кибергигиена» темасында конок лекция өткөрүштү

25-08-2026

Бишкек, 2026-жылдын 25-августу. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (ФЧМК) аянтчасында «Киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү» темасында лекция болуп өттү. Лекцияны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын (КР ИИМ КИББ) тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлери жана эксперттери өткөрүштү. Иш-чара ведомстволор аралык тажрыйба алмашуу жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Интенсивдүү сабактын жүрүшүндө ИИМдин өкүлдөрү киберкылмыштуулуктун өнүгүүсүнүн заманбап тенденцияларын кеңири чагылдырышты. Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) колдонуу менен кылмыштарды жасоонун жаңы схемаларына, ошондой эле аларды алдын алуунун, аныктоонун жана бетин ачуунун алдыңкы ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулду.

КР ИИМ КИББнын адистеринин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында укук коргоо органдарына кибералдамчылыктын 20га жакын түрү белгилүү жана катталууда. Алардын катарына фишинг, вишинг (телефондук алдамчылык), жасалма инвестициялык платформаларды пайдалануу, корпоративдик электрондук почтаны компрометациялоо, ошондой эле криптовалюталар жана электрондук капчыктар менен байланышкан алдамчылык аракеттер кирет.

Лекциянын маанилүү бөлүгү санариптик кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык укуктук механизмдерин талкуулоого арналды. Анын ичинде Киберкылмыштуулук жөнүндө Будапешт конвенциясы жана БУУнун киберкылмыштуулукка каршы Глобалдык (Ханой) конвенциясы каралды. Улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө, электрондук далилдерди чогултууга, чек аралар аралык кызматташууга, санариптик маалыматтарды алмашууга жана биргелешкен тергөө иштерин жүргүзүүгө, анын ичинде киберкылмыштардан алынган кирешелерди адалдоо боюнча иштерге өзгөчө көңүл бурулду.

ФЧМКнын кызматкерлерине кибергигиена жана санариптик коопсуздуктун негизги эрежелери түшүндүрүлдү. Тактап айтканда, үчүнчү жактарга банк карталарынын CVV/CVC коддорун, ПИН-коддорун жана SMS аркылуу келген бир жолку коддорду бербөө, акчаны «коопсуз» же «күзгү» эсепке которуу талабын камтыган чалууларга ишенбөө жана күмөн жаралган учурда банкка расмий номери аркылуу өз алдынча кайрылуу сунушталды. Ошондой эле эки факторлуу аутентификацияны колдонуу, шектүү шилтемелерге өтүүдө этият болуу жана акча каражаттарын которуудан мурда инвестициялык платформаларды текшерүү зарылдыгы белгиленди.

Лекциянын жыйынтыгында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн зарылдыгы белгиленди. ФЧМК менен КР ИИМдин КИББнын мындан аркы кызматташуусу кибералдамчылыкка байланышкан шектүү операцияларды эрте аныктоо механизмдерин өркүндөтүүгө, дропперлердин эсептерин ыкчам бөгөт коюу жана уурдалган каражаттарды кайтаруу максатында финансылык чалгындоо маалыматтарын алмашууну тездетүүгө, ошондой эле ККЛ/ТК улуттук системасын санариптик чөйрөдөгү тез өзгөрүп жаткан шарттарга өз убагында ылайыкташтыруу үчүн жаңы МКТ-коркунучтарына биргелешкен талдоо жүргүзүүгө багытталат.

Мындай биргелешкен иш-чаралар Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жогорку технологиялык кылмыштарга ишенимдүү бөгөт коюуну камсыз кылууга жана кибермейкиндикте жарандардын жана мамлекеттин финансылык кызыкчылыктарын коргоого даяр экендигин көрсөтөт.