Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнүн урматына онлайн форматта иш-чара болуп өттү

23-09-2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнүн урматына онлайн форматта иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты маданий жана адеп баалуулуктарын жайылтуу, ошондой элекыргыз тилин өнүктүрүү болуп саналат. Иш-чарага Кызматтын жетекчилиги жана кызматкерлери катышышты.

Иш-чаранын расмий ачылышы Кызматтын статс-катчысы Ч.Т. Кененбаевдин сөзү менен башталды. Ал өз сөзүндө жалпы жамаатты тил күнү менен куттуктап, ар бирибиз тилди өнүктүрүүгө өзүбүздүн салымыбызды кошуубузду, бул үчүн бардык шарттардын бар экенин айтып, ошондой эле Кызматтын ишин ар дайым кыргыз тилинде жүргүзүп, кыргыз тилинде сүйлөөгө, эне тилибизге өзгөчө көңүл бурууга чакырып, бул баалуулукту келечек муунга өткөрүп берүү жалпыбыздын милдетибиз экенин баса белгиледи.

Катышуучуларга кызматкерлер тарабынан даярдалган кыргыз тил мыйзамынын кабыл алынгандыгы тууралуу кыскача видео тасма тартууланды. Мындан сырткары, кызматкерлер кыргыз тилинде белгилүү акындардын ырларын жогорку деңгээлде кызыгуу менен аткарып, жагымдуу маанай тартуулашты.

Маалымат үчүн: 1989-жылы кыргыз тилине мамлекеттик тил статусу мыйзам менен ыйгарылган. Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили - кыргыз тили туралуу 1989-жылкы мыйзам ошол мезгилдин өтө чоӊ жеӊиши, суверенитеттин актысы болгон. Бул мыйзам элдин маанайы көтөрүлүп, шыктанып, жигерденип, жаӊы заманга, жакшы турмушка үмүтү артып, өзгөрүүгө, өнүгүүгө ниети бекем кезинде кабыл алынган.