Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Коммерциялык банк, төлөм уюму жана микрофинансылык компаниясы жоопкерчиликке тартылды

27-08-2024

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (ТИК/ККЛК) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бузгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 355-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банкка, төлөм уюмуна жана микрофинансылык компаниясына жалпы суммасы 768 миң сом өлчөмүндөгү 12 айып пул салды (белгиленген максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жана контролдоого жана кабарлоого тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүү боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн, ошондой эле ички контроль тутумун уюштуруунун талаптарын бузгандыгы үчүн (кардарларды талаптагыдай текшерүүнү колдонуу)).