Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Казакстан Республикасынын Алматы шаарында баалоочуларды даярдоо боюнча семинар

11-11-2024

ФЧМКнын кызматкерлери 2024-жылдын 4-8-ноябрында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) баалоочулары үчүн окуу семинарына катышты.

Иш-чара ЕАТтын 2024-2025-жылдарга иш планына ылайык ЕАТга мүчө мамлекеттердин өз ара баалоонун үчүнчү раундуна даярдык көрүү максатында өткөрүлдү.

Угармандар ЕАГдын 40-пленардык отуруму тарабынан бекитилген жаңыланган Тартипке ылайык, үчүнчү раундда өз ара баалоону жүргүзүү жол-жоболорун үйрөнүштү. Мындан тышкары, Катчылык окутуучу эксперттерди ФАТФтын Сунуштамаларына техникалык шайкештикти баалоо методологиясынын талаптары жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү (ТИК/ККЛК/МККТКК) системаларынын эффективдүүлүгү менен кеңири тааныштырды.

Тренинг практикалык көнүгүүлөр менен коштолду, анын жүрүшүндө катышуучулар сунушталган мисалдарды өз алдынча баалоого, тренерлер менен маектешүүлөргө катышууга жана ойдон чыгарылган өлкөнүн ТИК/ККЛК/МККТКК системасын өркүндөтүү боюнча негизги тыянактар жана негизги сунуштар боюнча баяндама жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Окутуу программасы ФАТФтын материалдарына негизделген жана ФАТФтын талаптарына толугу менен жооп берет, бул угармандарга ЕАТнын өз ара баалоолоруна гана эмес, ФАТФтын жана ФАТФ тибиндеги башка аймактык топтордун баалоолоруна да катышууга мүмкүндүк берет.