Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

25-02-2016

Ушул сайттын «Тизмектер» бөлүмүндө Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмесинин жаңыланган редакциясы жайгаштырылган (2016-жылдын 10-февралындагы абал боюнча):

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2016-жылдын 10 - февралындагы № 11/Ө буйругуна ылайык, Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмеси жаңы редакцияда баяндалды, ошондой эле Улуттук тизмектин талаачаларынын форматтары бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2016-жылдын 10 - февралындагы № 11/Ө буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2016-жылдын 8 - февралындагы № 7/Ө буйругу күчүн жоготту деп таанылды.

Маалымат берүүчү жактар жана акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар дароо:

1)ФЧМКнын расмий сайтынын (www.fiu.gov.kg) «Тизмектер» бөлүмүнөн 2016-жылдын 10-февралындагы Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмесинин жаңыланган редакциясын жүктөп алуусу;

2)өздөрүнүн маалыматтык маалыматтар базасын жогоруда аталган Тизмек (2016-жылдын 10-февралындагы абал боюнча) менен жаңылантуусу;

3)тейленип жаткан бардык кардарларды жана алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (бар болсо)2016-жылдын 10-февралындагы Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмесинде аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуусу зарыл.