Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

08-02-2016

Ушул сайтын «Тизмектер» бөлүмүндө:

1) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмесинин (2016-жылдын 8-февралындагы абал боюнча);

2) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмесинин (2016-жылдын 17-январындагы абал боюнча) жаңыланган редакциялары жайгаштырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2016-жылдын 8-февралындагы № 7/Ө буйругуна ылайык, Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмесинен төмөнкү адам алып салынды:

50.

Базарбаев

Шахобидин

Адилжанович

21.12.1982

Кара-Суу шаары

Кара-Суу райондук сотунун 2013-жылдын

3-июнундагы өкүмү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2016-жылдын 8-февралындагы № 8/Ө буйругуна ылайык - Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмеси 2016-жылдын 17-январындагы БУУнун Коопсуздук кеңешинин Топтомо санкциялык тизмегине ылайык жаңы редакцияда баяндалды.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жардамчы органдар веб-сайтында БУУнун Коопсуздук кеңешинин жардамчы органдар веб-сайтынын жаңы дизайны ишке киргизилгендиги жана Комитеттердин санкциялык тизмектеринин эски версияларын БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы Топтомо санкциялык тизмегине алмашылгандыгы жөнүндө маалымат жарыялангандыгын белгилей кетүүбүз абзел.

Мындан ары Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмеси деп БУУнун Коопсуздук кеңешинин жардамчы органдар веб-сайтында XML, HTML жана PDF форматтарында жайгаштырылган БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы Топтомо санкциялык тизмегин билүү керек.

Маалымат берүүчү жактар жана акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар дароо:

1) Ушул сайттын «Тизмектер» бөлүмүнөн:

- Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмесинин 2016-жылдын 8 - февралындагы;

- Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмесинин (2016-жылдын 17-январындагы БУУнун Коопсуздук кеңешинин Топтомо санкциялык тизмегинин) жаңыланган редакцияларын жүктөп алуусу;

2) өздөрүнүн маалыматтар базасын жогоруда аталган Тизмектер менен жаңылантуусу;

3) тейленип жаткан бардык кардарларды жана алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (бар болсо) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук жана эл аралык тизмесинде аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуусу зарыл.