Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

19-01-2016

Ушул сайттын «Тизмектер» бөлүмүндө (2016-жылдын 19-январындагы абал боюнча):

1) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмесинин;

2) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмесинин жаңыланган редакциялары жайгаштырылган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2016-жылдын 19 - январындагы № 2/Ө буйругуна ылайык, жогоруда аталган тизмектерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Маалымат берүүчү жактар жана акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар дароо:

1) Ушул сайттын «Тизмектер» бөлүмүнөн:

- Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмесинин;

- Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмесинин жаңыланган редакцияларын жүктөп алуусу;

2) өздөрүнүн маалыматтар базасын жогоруда аталган Тизмектер менен жаңылантуусу (2016-жылдын 19 - январындагы абал боюнча);

3) тейленип жаткан бардык кардарларды жана алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (бар болсо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2016-жылдын 19- январындагы № 2/Ө буйругунда аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуусу зарыл.

Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмеси 69 жеке жак менен толукталгандыгын белгилей кетүүбүз абзел.