Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

09-02-2017

Ушул сайттын "Тизмектер" бөлүмүндө төмөнкүлөрдүн жаңыланган редакциялары жайгаштырылды:

1) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмеги (2017-жылдын 8-февралындагы абал боюнча);

2) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмеги (2017-жылдын 8-февралындагы абал боюнча);

3) Террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жактардын тизмеги (2017-жылдын 8-февралындагы абал боюнча).

ФЧМКнын 2017-жылдын 8-февралындагы № 6/Ө буйругуна ылайык Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмегинен төмөнкү адамдар чыгарылды:

1) Мирзабаев Умарали Ибрахимович 14.01.1976-жылы туулган;

2) Номанов Рахимжан Кабирович 28.06.1958-жылы туулган;

3) Токтасинов Мурадбек Исакович 05.02.1970-жылы туулган;

4) Хусанов Саитхожа Давлатхожаевич 24.05.1988-жылы туулган.