Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ФИНАНСЫЛЫК ЧАЛГЫНДОО МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН (мындан ары – ФЧМК) 2017-жылдын II кварталындагы ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТУУРАЛУУ ОТЧЁТУ

11-07-2017

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ФИНАНСЫЛЫК

ЧАЛГЫНДОО МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН (мындан ары – ФЧМК)

2017-жылдын II кварталындагы ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТУУРАЛУУ ОТЧЁТУ

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ФЧМКнын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу максатында, 2017-жылдын II кварталында ФЧМКда төмөнкүдөй иштер жасалды:

1. Маалымат берүүчү жактардан келип түшкөн операциялар жана бүтүмдөр тууралуу маалыматтарды алуу жана каттоо, ФЧМКнын маалыматтар базасын мониторингдөө жана андан иргеп алуу:

Отчёттук мезгилде ФЧМК тарабынан төмөнкүдөй санда маалымат берүүчү жактардан келип түшкөн операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөр алынды жана аларды каттоо жүзөгө ашырылды:

1) БМСке келип түшкөн билдирүүлөрдүн жалпы саны – 215 639;

2) Кабыл алынуучу билдирүүлөрдүн күнүмдүк көлөмү (орточо) – 2741.

2. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө бирдиктүү маалымат системасынын (мындан ары - БМС) иштөөсүн камсыздоо:

БМСтин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо максатында коммерциялык банктарга жана банктык эмес уюмдарга типтүү формаларды толтуруу, билдирүүлөрдү өткөрүп берүү жана башка техникалык каталар (маалыматтарды туура эмес киргизүү, квитанцияларды жеткирүүдөгү каталар, банктар тарабында адаптерлердин иштөөсүн текшерүү) менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кеңеш берүүчү-усулдук жардам дайыма көрсөтүлүп келет.

Маалыматтар базасын башкаруу системасынын иштөөсүн камсыздоо, сервердик жабдуулар, ошондой эле ФЧМКнын программалык камсыздоосун иштеп чыгуу жана коштоп жүрүү боюнча жергиликтүү желедеги бузулууларды жоюу боюнча алдын ала оңдоо иштери дайыма жүргүзүлүп келет.

3. Алынган маалыматты иштеп чыгуу жана жалпыланган материалдарды укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү:

Отчёттук мезгилде кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) табуу максатында маалымат берүүчү жактардан алынган, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын суроо-талаптары боюнча алынган маалыматтардын негизинде жана «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алынган башка кошумча материалдардын негизинде 52 финансылык иликтөө жүргүзүлдү.

Финансылык иликтөөнү жүргүзүүнүн жүрүшүндө:

1. Маалымат берүүчү жактардан келип түшкөн 169 692 билдирүү иштелип чыкты.

2. Суроо-талаптар даярдалды жана жиберилди:

- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына – 559;

- Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарына – 44;

- Финансылык чалгындоо бөлүмдөрү «Эгмонт» тобунун мүчөлөрү менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында 4 суроо-талап жиберилди, чет мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнөн 17 суроо-талап алынды, алардын ичинен 11 суроо-талап аткарылып, жооптору жиберилди, калгандары каралууда турат.

Жүргүзүлгөн финансылык иликтөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча 7 жалпыланган материал даярдалды. Жалпыланган материалдар Кыргыз Республикасынын төмөнкү укук коргоо органдарына жиберилди:

1. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү багыты боюнча:

  • Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине – 1 (11 юридикалык жакка карата);
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка – 1 (2 юридикалык жакка карата);

2. Террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү багыты боюнча:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине – 2 (5 жеке жакка карата);

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине – 3 (27 жеке жакка карата).

1 юридикалык жакка карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка 1 материал кошумча жиберилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 135 токтому менен бекитилген Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, каражаттарды бир калыпта кармоо жана бошотуу тартиби жөнүндө жобого ылайык төмөнкүдөй буйруктар чыгарылды:

- операцияны бир калыпта кармоо жөнүндө – 9;

- операцияны бошотуу жөнүндө – 1;

- бир калыпта кармап туруудан баш тартуу жөнүндө – 10.

«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынан келип түшкөн 1 кайрылуу каралды.

Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын Улуттук тизмегине:

- 21 жеке жак киргизилди;

-5 жеке жак чыгарылды.

Отчеттук мезгил ичинде ФЧМКнын кызматчылары төмөнкү иш-чараларга катышышты:

- 2017-жылдын 4-апрелинде киберкоопсуздук жаатында Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Дүйнөлүк банк жана Потенциалды өнүктүрүү глобалдык борбору менен биргеликте өткөргөн Кыргыз Республикасында киберкоопсуздук жаатында потенциалды өнүктүрүү моделин киргизүү боюнча семинарга;

- 2017-жылдын 13-апрелинде “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын, тактап айтканда ФЧМКнын мамлекеттик органдардын маалыматтар базаларына жетүү бөлүгүнүн аткарылышы маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгында өткөн иш кеңешмесине;

- 2017-жылдын 28-апрелинде маалыматтар базасына жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү маселесин талкуулоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен болгон жолугушууга;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде өткөрүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун кеңешмелерине;

- 2017-жылдын 29-майынан 2-июнуна чейинки мезгилинде “Канал-Батыш калканы” эл аралык субрегионалдык операцияга;

- 2017-жылдын 2-июнунда Бишкек эл аралык финансылык форумга;

- 2017-жылдын 28-июнунда Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо боюнча Мамлекеттик координациялык комитеттин жыйынына;

- 2017-жылдын 29-30-июнь мезгилинде Ыссык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн Кылмыш жолу менен алынган активдерди кайтаруу маселеси боюнча семинарга.

Мындан тышкары, видеоконференцбайланыш системасын колдонуу менен өткөрүлгөн семинарларга жана тегерек столдорго катышышты:

  • 2017-жылдын 18-апрелинде FATF JEM иш-чарасын уюштуруучулар менен тегерек столго, Москва ш., Россия;
  • 2017-жылдын 20-апрелинде “2017-жылдын 21-мартындагы Видеоконференцбайланыштын № 4 протоколунун чечимдерин аткаруу тууралуу” тегерек столго;
  • 2017-жылдын 12-майында “2017-жылы “Канал” баңги затка каршы операциясын өткөрүү” темасы боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте тегерек столго;
  • 2017-жылдын 15-майында Активдерди кайтаруу боюнча эл аралык эксперттер менен болгон тегрек столго;
  • 2017-жылдын 18-майында ФЧБ ЖК жана ЕАТтын алдыда турган жыйыны боюнча тегрек столго Бишкек ш.;
  • 2017-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында өткөрүлгөн Активдерди кайтаруу боюнча эл аралык эксперттер менен скайп-конференцияга;
  • 2017-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында өткөрүлгөн Киберкоопсуздук боюнча семинарга катышышты.
  • Өз ара баалоонун 2-раундун өткөрүүнүн жол-жобосуна;
  • Баалоочу мамлекеттер жана эксперттер үчүн колдонмого;
  • ЕАТ Катчылыгындагы бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого;
  • ЕАТтын Аткаруучу катчысы жана ЕАТ Катчылыгынын кызматчылары кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүү боюнча ЕАТка мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнөн турган атайын комиссиянын регламентине;
  • ЕАТка мүчө мамлекеттердин КА/ТКК системасында мамлекеттик органдардын эң мыкты өз ара аракеттенүүсүнө Конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого;
  • КА/ТКК чөйрөсүндөгү мыйзамдар, тобокелдиктерди жана техникалык шайкештигин улуттук баалоо тууралуу маалыматты берүү форматына;
  • ЕАТтын финансылык документтерине.
  • коммерциялык банктар – 46 адам;
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы – 14 адам;
  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти – 5 адам;
  • Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети – 5 адам;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы – 2 адам;
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети – 1 адам;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы – 1 адам.
  • өндүрүштүк – 48, алардын ичинен бир калыпта кармап туруу жөнүндө буйрук -20;
  • өргүүлөр боюнча – 18;
  • командировкалар боюнча – 9;
  • өздүк курам боюнча -18;
  • административдик-чарбалык иш боюнча – 4.

4. Эл аралык кызматташтык:

1. Эл аралык макулдашуулар:

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин А.Ш. Атамбаевдин 2017-жылдын 20-июнунда Россия Федерациясына, Москва шаарына болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын системасы үчүн кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Финансылык мониторингдөө боюнча федералдык кызматтын (Россия Федерациясы) жана «Финансылык мониторингдөө эл аралык окуу-методикалык борбору» автономдуу коммерциялык эмес уюмдун ортосундагы макулдашууга кол коюлду.

2. Акчаларды адалдоого каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуучу топтун (мындан ары – ФАТФ) алкагындагы ишмердүүлүк:

2017-жылдын 24-апрелинен 28-апрелине чейинки мезгилинде ФЧМКнын 3 кызматчысы Акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо типологиялары боюнча ФАТФтын эксперттеринин ар жылдык жыйындарына, ошондой эле ФАТФ Катчылыгы менен Росфинмониторинг тарабынан уюштурулган тобокелдиктерди баалоо боюнча семинарга катышышты, Москва ш., Россия.

2017-жылдын 18-июнунан 23-июнуна чейинки мезгилинде Валенсия шаарында (Испания) ФАТФтын жумушчу топторунун жыйындары жана Пленардык жыйыны болуп өттү. Жыйындарда терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча негизги маселелер (маалымат алмашуу, стандарттарды кайрадан карап чыгуу, ФАТФтын өз ара баалоо жол-жоболоруна сереп салуу, эл аралык кызматташтыкка сереп салуу) каралды, жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жана аймактардын тизмелери жаңыланды, ошондой эле Дания менен Ирландиянын өз ара баалоо тууралуу отчеттору окулду.

Аталган иш-чараларга ФЧМКдан 2 кызматчы катышты.

3. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун (мындан ары – ЕАТ) алкагындагы ишмердүүлүк

2017-жылдын 26-мартынан 6-апрелине чейинки мезгилинде Бишкек шаарында өз ара баалоонун 2-раундунун алкагында ЕАТтын баалоочу эксперттеринин сыртка чыгып өткөрүү миссиясы өткөрүлдү.

Өз ара баалоонун экинчи раундун өткөрүүнүн негизги максаты мамлекеттин мыйзамдарынын ККЛ/ТЭИКК чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарга техникалык шайкештигинин параметрлерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ККЛ/ТЭИКК улуттук системасынын иштешинин натыйжалуулугун аныктоо болуп саналат.

Сыртка чыгып өткөрүү миссиясынын алкагында ЕАТтын баалоочу эксперттеринин ФЧМКнын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын укук коргоо, көзөмөлдөө, фискалдык, соттук жана башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле жеке сектордун, коммерциялык банктарды жана өкмөттүк эмес уюмдарды кошо алганда өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулары болду. Аталган жолугушуулардын негизги темалары кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин түшүнүү, ККЛ/ТЭИКК боюнча алдын ала чараларды көрүү, каражаттарды жыйноого жана террористтик уюмдарды каржылоого, жана да массалык кыргын салуучу куралды таратуу максаты үчүн каражаттарды жыйноого тоскоолдук кылуу маселелерине, ошондой эле жолугушуулардын катышуучуларынын компетенцияларына жараша башка маселелерге тийиштүү болду.

ФЧМК менен болгон жолугушууда акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерин баалоо жана аны жарыялоо механизми менен байланышкан маселелер, ошондой эле аныкталган тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу тартиби талкууланды. Баалоочу эксперттер ФЧМКнын иш тартиби менен, анын ичинде маалымат берүүчү жактардан келип түшүүчү шектүү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдүн талдоосу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо, көзөмөлдөө жана башка мамлекеттик органдары менен өз ара иштешүүсү менен таанышты. Кошумча ФЧМКнын маалыматын укук коргоо органдарынын колдонуусу, акча каражаттарын бир калыпта кармоо жол-жобосу, ошондой эле Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмесинен жана Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмесинен (Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынтыкталган санкциялык тизмесинен) террористтик же экстремисттик ишке катышы бар жактарды киргизүү/чыгаруу жол-жобосу менен байланышкан маселелер талкууланды.

ЕАТтын баалоочу эксперттеринин Кыргыз Республикасынын көзөмөлдөө органдары менен болгон жолугушууларынын алкагында көзөмөлгө алынуучу субъектерге карата көзөмөлдөөнүн жана жөнгө салуунун натыйжалуулугу, тобокелдикке багытталган көзөмөлдү жайылтуу, ККЛ/ТЭИКК чөйрөсүндөгү бузууларды канча жолу текшерүү жана санкциялардын саны, ФЧМК жана укук коргоо органдары, ошондой эле чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен өз ара иштешүү жөнүндө маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана сот органдары менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө кошумча кылмыштуу кирешелерди легализациялоо жана террористтик ишти каржылоо (статистика, өкүмдөр, ийгиликтүү иштердин мисалдары) менен байланышкан иштерди тергөөнүн натыйжалуулугу, мүлктү конфискациялоо, ФЧМК менен өз ара иштешүү, эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу (өз ара укуктук жардамды жана экстрадицияны кошо алганда) тууралуу маселелер талкууланды.

Миссиянын мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жана Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлдөрү менен болгон жыйынтыктоочу жолугушуусунда ККЛ/ТЭИКК мыйзам чыгаруу базасын жакшыртуу, эл аралык стандарттарды улуттук мыйзамдарга имплементациялоо, ФЧМКнын дарамети жана «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароодо Парламент тарабынан мүмкүн болгон колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды. ЕАТтын баалоочу эксперттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аталган мыйзамды кабыл алуусу көптөгөн аныкталган кемчиликтерди жоюучу белгилешти.

Иштердин жыйынтыгы боюнча баалоочу эксперттер бар болгон кемчиликтерди эле эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ККЛ/ТЭИКК улуттук системасынын өнүгүшүндөгү сапаттуу өсүштү да чагылдыруучу негизги тыянактардын реестрин түзүштү. Кыргыз Республикасынын өз ара баалоо тууралуу жыйынтык отчетун 2017-жылдын ноябрында Москва шаарындагы ЕАТтын 27-Пленардык жыйынынын жүрүшүндө бекитүү пландаштырылууда.

2017-жылдын 22-майынан 26-майына чейин ЕАТтын жумушчу топторунун жыйындары, 26-Пленардык жыйын, Чет өлкөлүк жоочу террористтерди аныктоо тажрыйбаларын алмашуу жана аларга максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча БУУ ТКК АД менен кызматташтыкта ЕАТ/КМШ ТКБ/ФМЭОМБ семинары өткөрүлдү.

Иш-чараларга ЕАТка мүчө мамлекеттердин делегациялары, ошондой эле ЕАТта байкоочу мамлекеттердин жана уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Пленардык жыйын ИГИЛ террористтик уюмунун иши менен байланышкан маселелерди карады жана аны каржылоого каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди күчөтүүгө, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюцияларын натыйжалуу имплементациялоого чакырды.

Пленардык жумалыктын иш-чараларынын алкагында Чет өлкөлүк жоочу террористтерди аныктоо тажрыйбаларын алмашуу жана аларга максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча БУУ КК Террорчулукка каршы комитетинин Аткаруучу директоратынын (мындан ары - БУУ ТКК АД) менен кызматташтыкта ЕАТ/КМШ ТКБ/ФМЭОМБ семинары өткөрүлдү.

ЕАТтын 27-Пленардык жыйыны төмөнкүлөрдү бекитти:

  • Терроризмди каржылоо менен байланышкан фактыларды аныктоонун натыйжалуулугун бир кыйла жогорулатуучу, ЕАТ аймагында чет өлкөлүк жоочу террористтин финансылык профилинин бирдиктүү моделинин жыйынтык документи;
  • «Биргелешкен (эл аралык) иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн жүрүшүндө ФЧБ жана ыкчам кызматтар үчүн кызыкчылык жаратуучу маалыматтардын тизмеси» маалымдамасы;
  • Типологиялык изилдөөлөрдүн темаларынын тизмеси;
  • ЕАТка мүчө мамлекеттердин Өз ара баалоонун 2-раундун өткөрүү графигине өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • 2018-жылга ЕАТтын бюджети.

Пленардык жыйындын алкагында: Финансылык мониторингдөө эл аралык окуу-методикалык борбору (Россия Федерациясы) ЕАТка мүчө мамлекеттерге техникалык көмөк көрсөтүү долбоорун көрсөттү; КА/ТКК чөйрөсүндө окутуу боюнча тармактык институттун иш тажрыйбасы жөнүндө маалымат айтылды, анын алкагында Тармактык институттун бүтүрүүчүлөрүнүн бир катар дипломдору боюнча презентациялар көрсөтүлдү.

Ошондой эле Пленардык жыйын төмөнкүлөргө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү бекитти:

4. Финансылык мониторингдөөнүн эл аралык окуу-методикалык борборунун (мындан ары - ФМЭОМБ) техникалык жардамынын алкагында:

Видеоконференцбайланыш системасын колдонуу менен Финансылык мониторингдөө эл аралык окуу-методикалык борбору тарабынан төмөнкүдөй окутуу семинарлары жана тегерек столдор өткөрүлдү:

  • 2017-жылдын 19-апрелинде «ФЧБ ишинде маалыматтарды көрүнөө талдоо инструменттерин колдонуу методологиясы» аттуу темадагы тегерек стол өткөрүлдү. Ушул семинарга ФЧМКнын 2 кызматчысы катышты.
  • 2017-жылдын 21-апрелинде «Мыйзамсыз келип чыккан каражаттарды жана активдерди чет жактан кайтарып келүү чөйрөсүндө өз ара эл аралык укуктук жардам көрсөтүүнүн процессуалдык аспектилери» аттуу темадагы семинар өткөрүлдү. Ушул семинарга ФЧМКнын 2 кызматчысы катышты.
  • 2017-жылдын 24-апрелинен 25-апрелине чейинки мезгилинде «АА/ТК жаңы төлөм технологиялары жана тобокелдиктери» аттуу темадагы семинар өткөрүлдү. Ушул семинарга ФЧМКнын 2 кызматчысы катышты.
  • 2017-жылдын 28-апрелинде «4-сунуштама, талкууда негизделбеген, же укук бузуучудан конфискацияга алынууга жаткан мүлктүн келип чыгышынын мыйзамдуулугун ал далилдеп бере ала тургандыгын талап кылган конфискацияны жүзөгө ашыруу бөлүгү. 38-сунуштама, бир калыпта кармалган жана конфискацияланган каражаттарды башкаруу үчүн натыйжалуу механизмдер бөлүгү. Өлкөлүк тажрыйба, анын ичинде чет өлкөлөрдүн тажрыйбалары менен алмашуу» аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү. Ушул тегерек столго ФЧМКнын 3 кызматчысы катышты.
  • 2017-жылдын 12-майында «Канал» баңгиликке каршы операциясын өткөрүү» аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү. Ушул тегерек столго ФЧМКнын 2 кызматчысы катышты.
  • 2017-жылдын 18-майында видеоконференцбайланыш режиминде «КМШ ФЧБЖКнын 9-жыйынына жана КМШ ФЧБЖКнын жумушчу топторунун жыйындарына даярдалган документтердин долбоорлорун карап чыгуу» аттуу темадагы тегерек стол өткөрүлдү. Ушул тегерек столго ФЧМКнын 7 кызматчысы катышты.
  • 2017-жылдын 2-июнунда «Чек аралар аралык корреспонденттик банктык жана башка ушу сыяктуу мамилелерге карата кардарды талаптагыдай текшерүү чаралары» аттуу темадагы тегерек стол өткөрүлдү. Ушул тегерек столго ФЧМКнын кызматчысы катышты.
  • 2017-жылдын 9-июнунда «КА/ТКК чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө ишинин натыйжалуу механизмдери. Аныкталган финансылык эмес ишканалардын жана кесиптердин ишин көзөмөлдөө» аттуу темадагы тегерек стол өткөрүлдү. Ушул тегерек столго ФЧМКнын кызматчысы катышты.
  • 2017-жылдын 23-июнунда «Финансылык иликтөөлөр: оффшордук юрисдикциялар менен байланышкан ийгиликтүү финансылык иликтөөлөрдүталкуулоо. ФЧБга маалыматтарды жиберүү жана ФЧБдан маалыматтарды алуу. Активдерди арест кылуу, анын ичинде конфискациялоочу чараларды колдонуу практикасы» аттуу темадагы тегерек стол өткөрүлдү. Ушул тегерек столго ФЧМКнын 3 кызматчысы катышты.

Катышуучулардын жалпы саны 74 түздү.

Алардын ичинен:

ФЧМКдан ушул иш-чараларга ФЧМКнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 9 кызматчысы катышты.

5. КМШга катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин (мындан ары – КМШ ФЧБЖК) алкагында ишмердүүлүк

2017-жылдын 24-майында Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин 9-жыйыны болуп өттү. Иш-чарага КМШга катышуучу мамлекеттердин ФЧБ жетекчилери катышышты.

Тобокелдиктерди жана коркунучтарды баалоо боюнча жумушчу топтун ишинин алкагында Криминалдуу кирешелерди кайра бөлүштүрүүнү жана легализациялоону камсыздандыруучу «универсалдуу адалдоочу аянтчалар» деп аталуучуга каражаттарды жиберүү менен байланышкан финансылык операциялардын жогорку тобокелдиктеги юрисдикцияларын КМШга катышуучу мамлекеттердин чек аралар аралык акча агымдарынан аныктоого багытталган Россия Федерациясынын долбоору көрсөтүлдү. Катышуучу мамлекеттер үчүн жалпы көмүскө аянтчаларды аныктоого багытталган операциянын концепциясы колдоого алынды жана жактырылды.

Жыйында каралган бир топ маселелердин ичинде массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы күрөшүү тармагында бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгуу, ошондой эле акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо үчүн аларды пайдаланууну алдын алшуу максатында электрондук төлөм системаларын жөнгө салуу маселелери да каралды.

6. Техникалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруу/Донорлор менен иштешүү

Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси төмөнкүлөрдү уюштурууда техникалык жардам көрсөттү:

  • Өз ара баалоонун 2-раундунун алкагында Кыргыз Республикасынын ККЛ/ТЭИКК системасын баалоо үчүн ЕАТтын баалоочу эксперттеринин сыртка чыгып өткөрүү миссиясын;
  • ЕАТтын жумушчу топторунун жыйындарын, 26-Пленардык жыйынын, Чет өлкөлүк жоочу террористтерди аныктоо тажрыйбаларын алмашуу жана аларга максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча БУУ ТКК АД менен кызматташтыкта ЕАТ/КМШ ТКБ/ФМЭОМБ семинарын жана КМШ ФЧБЖКнын 9-жыйынын;
  • Кыргыз Республикасынын делегациясынын ФАТФтын 30-Пленардык жыйынына, Валенсия ш. (Испания) катышуусуна техникалык жардам көрсөттү.

2017-жылдын 23-июнунан 25-июнуна чейин ФЧМКнын 2 кызматчысы Бириккен Улуттур Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы ЮНОДК менен өнөктөшүп ЕККУ Катчылыгынын Улуттар аралык коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча департаментинин Терроризмге каршы бөлүмү менен биргеликте Кыргызстанда терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча бир канча окуу курстарын биргелешип өткөрүү боюнча семинарга катышты.

ФЧМКнын кызматчысы 2017-жылдын 20-июнунан 24-июнуна чейин Бишкек шаарындагы ЕККУнун Программалык кеңсесинин финансылык колдоо көрсөтүүсү менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши менен өнөктөшүп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын Мамлекеттик башкаруунун өнүгүшүн изилдөө институтунун долбоорун ишке ашыруунун алкагында «Заманбап шарттарда Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктары» аттуу темадагы илимий-практикалык тренингге катышты.

5. Мамлекеттик тил жана 2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоонун алкагында иш-чараларды өткөрүү

Ыйман, адеп жана маданият жылын даярдап өткөрүү боюнча иш-чаралар планынын аткаруу максатында ФЧМКнын 2017-жылдын 6-мартындагы № 13/Ө «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» буйругу иштелип чыккан.

Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу ар айлык отчеттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ар бир айдын 25 ине чейин өз убагында берилип турат.

ФЧМКда «Табигатка таазим» аттуу ураан менен 2017-жылдын 31-мартынан 1-апрелине чейин ФЧМКга жанаша аймактагы жолду оңдоо, тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү, 2017-жылдын 22-апрелинде ФЧМКнын аймагында ишембилик өткөрүлдү.

ФЧМК тарабынан Бишкек шаарынын Беларусская 121 көчөсү дарегинде жайгашкан Баланын адистештирилген үйүнө материалдык жардам - 21 метр вафель кездемеси (2730 сом) берилди жана 2017-жылдын 16-январында «Манас» эл аралык аэропортунун жанына кулаган «Боинг-747» жүк ташуучу самолеттон жабыр тарткандарга ФЧМКнын кызматчылары акчалай 9000 сом жардам беришти.

Жогоруда аталган Иш-чаралар планынын 17-пунктун аткаруу максатында 2017-жылдын 13-апрелинен 2017-жылдын 22-июнуна чейин ФЧМКда урмат-сый, тилектештиктин өрнөктөрүн пропогандалаган накыл сөздөрдү, макал-лакаптарды, афоризмдерди тандап алып, Финансылык чалгындоонун холлундагы тактага, төрага менен статс-катчынын кабыл алуу бөлмөлөрүндө куверттерге жана ФЧМКнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кабинеттерине коюу иштери жүргүзүлдү.

2017-жылдын 17-апрелинен 28-апрелине чейинки мезгилинде ФЧМКнын кызматчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Котормо жана редакциялоо бөлүмүндө стажировкадан өттү.

Мамлекеттик тил жана котормо боюнча ФЧМКнын кызматчыларына туруктуу негизде кеңеш берүүчү-усулдук жардам көрсөтүлүп турат.

6. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана жайылтуу:

2017-жылдын II кварталында ФЧМКда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 189-б Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын системасы үчүн кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Финансылык мониторингдөө боюнча федералдык кызматтын (Россия Федерациясы) жана «Финансылык мониторингдөө эл аралык окуу-методикалык борбору» автономдуу коммерциялык эмес уюмдун ортосундагы макулдашуунун долбоорун макулдашуу жөнүндө буйругу иштелип чыкты.

«Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Социал-демократиялык партия Кыргызстан парламенттик фракциясы 2017-жылдын 12-майында жана «Республика-Ата-Журт» парламенттик фракциясы 2017-жылдын 29-майында ушул Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун колдошту.

2017-жылдын 7-июнунда «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында каралган жана кайрадан карап чыгуусу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү менен Комитеттин 2017-жылдын 24-январындагы корутундусун кайра карап чыгуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашылган жана азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашууда турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2017-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуу кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) жана террористтик ишти каржылоонун тобокелдиктерин азайтуу боюнча иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө» токтомунун долбоору иштелип чыкты.

7. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын жыйыны:

2017-жылдын 6-апрелинде ЕАТтын баалоочу командасы менен Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн жолугушуусу уюштурулган. Ушул жолугушуунун жүрүшүндө ЕАТтын баалоочу командасы тарабынан ушул Комиссиянын мүчөлөрүнө сыртка чыгып өткөрүү миссиясы тууралуу отчет (негизги тыянактар) берилди.

2017-жылдын 19-майында курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтому менен бекитилген Комиссиянын мүчөлөрү жана Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышкан Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын 7-жыйыны болуп өттү. Комиссиянын ушул жыйынында төмөнкү маселелер каралды:

1) Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын 2017-жылдын 23-мартындагы № 4 протоколун аткаруунун жүрүшү тууралуу;

2) Кыргыз Республикасында кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин азайтуу боюнча иш-аракеттер планынын долбоору тууралуу;

3) Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун жумушчу топторунун жыйындарын жана 26-Пленардык жыйынын, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин жумушчу топторунун жыйындарын жана 9-жыйынын өткөрүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу;

4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын маалыматтар базасына ФЧМКнын жетүү маселеси тууралуу;

5) Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын 8-жыйынын өткөрүү датасы жана күн тартиби маселелери тууралуу.

8. Контролдоо-көзөмөлдөө ишмердүүлүгү:

2017-жылдын II кварталында маалымат берүүчү жактардын Реестрди түзүүсү жана ички контроль эрежелеринин бар экендиги жана алардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 135 токтому менен бекитилген ички контроль эрежелерине коюлуучу жалпы талаптарга шайкеш келүүсү боюнча мониторинг жүргүзүүсү менен байланышкан иштер туруктуу негизде жүргүзүлүп келди.

Жыйынтыгында отчеттук мезгил ичинде 10 жак катталган (БМС АКК толтурулган), алардын ичинен:

1) микрофинансылык уюмдар – 2;

2) алмашуу бюролору – 5;

3) баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын сатып алуу – сатуу менен алектенген жактар – 3.

Банктык жана банктык эмес секторлор менен, ошондой эле көзөмөлдөө органдары менен дайыма өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылып турат.

9. Коомчулук менен өз ара аракеттенүү.

2017-жылдын 1-жарым жылдыгында жарандардан 13 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен 12 «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттө каралган, ал эми 1 каралууда турат.

ФЧМКнын төрагасы Уюштуруу-укук бөлүмүнүн башчысы менен биргеликте «Альфа Телеком» ЖАКтын оффшорлорго чыгарылып кеткен финансылык активдерин кайтарууну камсыздоо боюнча жол-жоболордун бүтүрүүчү этабы тууралуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө брифинг беришти.

«Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясына атайын репортаж берилди.

ФЧМК тарабынан ФЧМКнын иши тууралуу актуалдуу маалыматтар дайыма жарыяланып туруучу Фейсбукта расмий баракча ачылды.

2017-жылдын 11-майында АКИpress маалыматтык агенттигинин сайтына, ошондой эле Фейсбуктагы ФЧМКнын расмий баракчасына ФЧМКдагы коррупциялык тобокелдиктер жана коррупциогендик кызмат орундарынын тизмеси боюнча маалымат жайгаштырылды.

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун (мындан ары – ЕАТ) 26-Пленардык жыйынын өткөрүү мезгилинде пресс-конференция өткөрүлдү. Ушул пресс-конференцияга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П. Разаков, ФЧМКнын төрагасы, Россия Федерациясынын финансылык мониторингдөө боюнча федералдык кызматынын (Росфинмониторинг) жетекчиси, ЕАТтын аткаруучу катчысы жана Евразиялык топтун мүчөлөрү: Индия, Кытай катышты.

2017-жылдын 25-апрелинен 28-апрелине чейинки мезгилинде ФЧМКнын кызматчылары тарабынан БФЭА, КЕФ, КУУ, БААУ жана КРСУ сыяктуу өлкөнүн алдыңкы экономикалык жождорунда меймандык лекциялар өткөрүлдү.

Ушул лекциялардын алкагында студенттер Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын системасы, ФЧМКнын милдеттери жана функциялары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби, ошондой эле эл аралык кызматташтык чөйрөсүндө ФЧМКнын иши менен таанышышты.

2017-жылдын 26-апрелинде ФЧМКнын төрагасы Кадыралиев Айбек Джумабаевич Борбор Азиядагы Америкалык университеттин экономика жана бизнес факультетинин 3-курсунун студенттерине «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасында ФЧМКнын ролу жана функциялары» аттуу темада профилактикалык меймандык лекция өттү.

Меймандык лекциянын максаты - кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча кылмыш схемаларына тартылуунун жана катышуунун кесепеттери жана жоопкерчилиги тууралуу жаштардын кабардар болуусун жогорулатуу, накталай түргө келтирүү каналында катышкан жеке жактын типтүү портретин өзгөртүүдө өлкөнүн ЖОЖдорунун студенттерин колдонуп жаштарды тартуунун күч алып бара жаткан тенденциясынын белгилери жөнүндө маалымат жаштарга жеткирилди. Ошондой эле лекциянын угуучулары терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүүнүн улуттук жана эл аралык системасы жөн