Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Маалымат берүүчү жактарга

03-11-2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2015-жылдын 3-ноябрындагы № 79/Ө буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 30/Ө «Тизмектерди, маалымдамаларды, типтүү формаларды жана нускамаларды бекитүү тууралуу» буйругунун 1-пунктунун 2 жана 4-пунктчасына, 4-пункттун 3-пунктчасына, ошондой эле 2, 4, 5 жана 13-тиркемелерине өзгөртүүлөр киргизилди.

Жогоруда аталган буйрукка ылайык, ушул сайттын «Мыйзамдар» бөлүмүнүн «ФЧМКнын буйруктары» бөлүмчөсүндө төмөнкү жаңыланган редакциялар жайгаштырылган:

1) Милдеттүү контролго алынууга жатпаган, банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер жүзөгө ашырган ички жана тышкы операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги (2-тиркеме);

2) ФАТФтын сунуштамаларын колдонбогон же болбосо жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттердин жана аймактардын тизмеги (4-тиркеме);

3) Жогорку тобокелдиктеги мамлекеттердин жана аймактардын тизмеги (5-тиркеме);

4) Инсандыгын тастыктаган же чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында турууга (жашоого) болгон укугун тастыктоочу документтеринин түрлөрүнүн жана коддорунун маалымдамасы (13-тиркеме).

Маалымат берүүчү жактар өзүнүн ишинде жогоруда аталган Тизмектерди жана Маалымдаманы колдонуулары керек.