Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

28-08-2018

Эл аралык тизмекке киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор (БУУ ККнын Жыйынды санкциялык тизмеги):

1. 2018-жылдын 9-августунда ИГИЛ (ДАИШ), Аль-Каида жана алар менен байланышкан жактар, топтор, ишканалар жана уюмдар боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Комитети активдерин тоңдурууга, барып келүүгө тыюу салынууга жана куралдарды жеткирип берүүгө тыюу салынууга жаткан жеке жана юридикалык жактардын санкциялары боюнча өз тизмесин төмөнкү жеке жак менен толуктоону бекитти: идентификациялык коду - QDi.415. Аты: 1: ADNAN 2: ABOU WALID 3: AL-SAHRAOUI. Туулган датасы: 1973-жылдын 16-февралы.

2. 2018-жылдын 23-августунда ИГИЛ (ДАИШ), Аль-Каида жана алар менен байланышкан жактар, топтор, ишканалар жана уюмдар боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Комитети активдерин тоңдурууга, барып келүүгө тыюу салынууга жана куралдарды жеткирип берүүгө тыюу салынууга жаткан жеке жана юридикалык жактардын санкциялары боюнча өз тизмесин төмөнкү жеке жактар менен толуктоону бекитти:

- QDi.416 Аты: 1: MOHAMMED 2: YUSIP 3: KARIM. Туулган датасы: 1978-жылдын 11-октябры;

- QDi.417 Аты: 1: MOHAMAD 2: RAFI 3: BIN UDIN. Туулган датасы: 1966-жылдын 3-июну;

- QDi.418 Аты: 1: MUHAMMED 2: REZA 3: LAHAMAN 4: KIRAM. Туулган датасы: 1990-жылдын 3-марты.

3. 2018-жылдын 8-августунда 1718 (2006) резолюциясы менен түзүлгөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Комитети өзүнүн санкциялар тизмесине идентификациялык коду - KPe.071., Аталышы: PRO-GAIN GROUP CORPORATION. болгон уюм боюнча оңдоолорду киргизди. Киргизилген оңдоолордун асты сызылып, алынып салынган сөздөр үстүнөн сызылып берилди.

4. 2018-жылдын 7-августунда 1518 (2003) резолюциясы менен түзүлгөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Комитети активдерин тоңдурууга жаткан жактардын жана уюмдардын тизмесинен төмөнкү уюмду алып салууну жактырды: идентификациялык коду - IQe.024. Аталышы: DIRECTORATE GENERAL OF GEOLOGICAL SURVEY AND MINERAL INVESTIGATION (Геологиялык изилдөөлөр жана пайдалуу кендерди издөө боюнча башкы директорат).

Маалымат берүүчү жактар жана акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар дароо:

1) Ушул сайттын «Тизмектер» бөлүмүнөн Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмегинин жаңыланган редакциясын жүктөп алуулары;

2) өздөрүнүн маалыматтар базасын жогоруда аталган Тизмек менен жаңылантуулары (2018-жылдын 28-августундагы абал боюнча);

3) тейленип жаткан бардык кардарларынжана алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (бар болсо) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмегинде аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуулары зарыл.