Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

02-09-2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын сайтындагы «Тизмектер» бөлүмүндө төмөнкүлөрдүн жаңыланган редакциялары жайгаштырылган (2015-жылдын 28-августундагы абал боюнча):

1) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмегинин;

2) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмегинин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2015-жылдын 28-августундагы № 58/Ө буйругуна ылайык, Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык жана улуттук тизмектерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Маалымат берүүчү жактар жана акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар дароо:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын сайтынан төмөнкүлөрдүн жаңыланган редакцияларын жүктөп алуулары зарыл:

- Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмегин;

- Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмегин.

2) өздөрүнүн маалыматтар базасын жогоруда аталган Тизмектер менен жаңылантуусу (2015-жылдын 28-августундагы абал боюнча);

3) тейленип жаткан бардык кардарларды жана алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (бар болсо) ФЧМКнын 2015-жылдын 28-августундагы № 58/Ө буйругунда аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуулары зарыл.