Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

БААРДЫК ФИНАНСЫЛЫК МЕКЕМЕЛЕРГЕ ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК ЭМЕС КАТЕГОРИЯДАГЫ ЖАКТАРГА

14-12-2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары – ФЧМК) 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 87 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы (мындан ары – Мыйзам) күчүнө киргендигин билдирет.

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 87 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын 14-беренесин аткаруу максатында, ФЧМКда Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышы бардыгы жөнүндө маалыматы бар жактардын, топтордун, уюмдардын убактылуу тизмеги бекитилди.

Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышы бардыгы жөнүндө маалыматы бар жактардын, топтордун, уюмдардын убактылуу тизмеги ФЧМКнын расмий сайтынын жабык бөлүгүнө жайгаштырылды ("Инфо" бөлүмүндө) (www.fiu.gov.kg).

Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышы бардыгы жөнүндө маалыматы бар жактардын, топтордун, уюмдардын убактылуу тизмегине киргизилген жеке же юридикалык жактар, топтор, уюмдар жасаган операцияларды (бүтүмдөрдү) дароо токтотуп, операцияны (бүтүмдү) токтоткон учурдан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдиришсин.