Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Банк эсептеринин жана ячейкаларынын реестрин түзүү маселеси боюнча түшүндүрүү

18-12-2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары – ФЧМК), интернет-басылмаларында жарыяланганбанк эсептеринин жана банк ячейкаларынын реестрин түзүү маселеси боюнча төмөнкүлөрдү билдирет:

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык банктык сырды түзгөн маалыматтар банк тарабынан финансылык чалгындоо органына берилет - террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык.

2018-жылдын 6-августундагы № 87 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - № 87 Мыйзам) 9-беренесинин 8-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык финансылык чалгындоо органына маалыматтарды же документтерди, анын ичинде электрондук форматта берүүбанктык сырды бузуу же ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.

№ 87 Мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык финансылык чалгындоо органынын милдеттеринин бири террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), предикаттык кылмыштар менен байланышкан операцияларды (бүтүмдөрдү) же жосундарды жасаган жактарды, топторду, уюмдарды айкындоо максатында маалыматтарды топтоо (алуу) жана сактоо.

Бир форматта маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу, талдоо жана сактоо процессин автоматташтыруу максатында банк эсептеринин жана банк ячейкаларынын электрондук реестрин типтүү формага (№ 3 форма) ылайык түзүү пландаштырылууда.

Иштеп чыгуу баскычында ушул форма коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен бир нече жолу талкуулангандыгын белгилей кетүүбүз абзел.

Банк эсептеринин жана банк ячейкаларынын электрондук реестри № 87 Мыйзамдын 5-главасында каралган операцияларды (бүтүмдөрдү) жасаган жактарга, топторго, уюмдарга карата түзүлөт, маалымдоочу мүнөздө болот жана кардардын операциялары (бүтүмдөрү) менен акча каражаттарынын саны жөнүндөгү маалыматтарды камтыбайт.

Ушуга байланыштуу айрым бир адамдарын банк эсептеринин жана банк ячейкаларынын электрондук реестри эсептердин жана ячейкалардын баардык ээлери жөнүндө маалыматтарды камтыйт деген ойлору туура эмес.

№ 87 Мыйзамдын 9-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык банк эсептеринин жана банк ячейкаларынын электрондук реестри купуялуу болуп саналат жана белгиленген тартипте коргоого алынат, ошондой эле террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана алар менен байланышкан предикаттык кылмыштарга бөгөт коюу же бетин ачуу максатында гана колдонулат.

ФЧМК жакынкы убакта коммерциялык банктар жана Кыргызстандын Банктар союзу менен банк эсептеринин жана банк ячейкаларынын электрондук реестрин түзүү үчүн № 3 форманы толтуруу маселеси боюнча иштерди жүргүзөт, ошондой эле зарылдыгына жараша өз суроо-талабын оңдойт.