Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

25-06-2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын сайтындагы «Тизмектер» бөлүмүндө төмөндөгү жаңыланган редакциялар (2015-жылдын 23-июнундагы абал боюнча) жайгаштырылды:

- Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмеги;

- Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмеги;

- Террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты кылгандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жактардын тизмеги.

ФЧМКнын 2015-жылдын 23-июнундагы № 48/Ө буйругуна ылайык, төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди:

1) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмегине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

- «Жеке жактар» бөлүмүнүн 56, 125, 189, 235 – пункттары башка редакцияда баяндалды ;

- «Юридикалык жактар» бөлүмүнүн 16, 21, 28, 62, 66 – пункттары башка редакцияда баяндалды ;

2) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмегине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

- алардын террористтик ишке катышы бардыгы тууралуу маалыматы бар жактардын тизмегинин 25-пункту башка редакцияда баяндалды;

- алардын экстремисттик ишке катышы бардыгы тууралуу маалыматы бар жактардын тизмегинен 11 адам чыгарылды;

3) Террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты кылгандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жактардын тизмеги 1 адам менен толукталды.

Маалымат берүүчү жактар жана акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар дароо төмөнкүлөрдү аткаруулары зарыл:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын сайтынан:

- Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын улуттук тизмегин;

- Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмегин;

- Террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты кылгандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жактардын тизмегин жүктөп алуулары зарыл;

2) өздөрүнүн маалыматтар базасын (2015-жылдын 23-июнундагы абал боюнча) жогоруда аталган Тизмектер менен жаңылантуусу;

3) - тейленип жаткан бардык кардарларды, жана алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (бар болсо) ФЧМКнын 2015-жылдын 23-июнундагы № 48/Ө буйругунда аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуулары зарыл.