Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга

16-01-2019

2018-жылдын 6-августундагы № 87 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген Террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө жобонун 4-главасына ылайык, ФЧМКнын 2019-жылдын 16-январындагы № 3/ө «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмеги жөнүндө» буйругу чыгарылды.

Ушул Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмеги финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга жеткирүү үчүн ФЧМКнын расмий сайтынын (www.fiu.gov.kg) «Тизмектер» бөлүмүнө жайгаштырылды.

Бардык финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга:

  • Өз иштеринде жогоруда аталган Тизмекти колдонушсун;

2) тейленип жаткан бардык кардарларын, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, контрагенттерин жана бенефициардык ээлерин (бар болсо) Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегинде көрсөтүлгөн жактардын арасында бар же жок экендигин дароо кайра текшерип чыгышсын жана бар болгон учурда бул адамдар жасаган операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруп, операцияны (бүтүмдү) токтотуп турган учурдан тартып үч сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына бул жөнүндө билдиришсин.

ФЧМКнын 2018-жылдын 10-декабрындагы № 134/Ө буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.