Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

2019-жылга ФЧМК менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттары аныкталды

13-02-2019

2019-жылга ФЧМК менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттары аныкталды

2019-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ФЧМК) төрагасы Анарбаев Гуламжан Сатбалдыевич менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркстын жолугушуусу болду.

Жолугушуунун алкагында 2019-жылга ФЧМК менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосундагы кызматташтыктын планына кол коюлду.

Бул План ЕККУ тарабынан ишке ашырылуучу «Коррупцияга жана финансылык кылмыштарга каршы аракеттенүү» долбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыкты.

ФЧМКнын төрагасы Планда каралган бардык иш-чаралар Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тарабынан жүргүзүлгөн террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын системасын өз ара баалоонун жыйынтыктары боюнча аныкталган негизги кемчиликтерди жоюуга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Ошондой эле ФЧМКнын төрагасы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн улуттук системасын жакшыртуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгелерине көп жылдан бери колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн ЕККУга ыраазычылыгын билдирди.

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Планды ишке ашыруу Кыргыз Республикасында финансылык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо боюнча чараларды бекемдөөгө, ошондой эле эл аралык кызматташтыктын деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Ошондой эле Пьер фон Аркс Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыктын негизги стратегиялык максаты Кыргыз Республикасынын ФАТФтын «боз тизмесине» кайрадан түшүп калуу мүмкүндүгүн жок кылуу экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу ЕККУ Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер планынын иш-чараларын аткаруу маселелеринде, анын ичинде ФЧМКнын кадрларынын потенциалын өстүрүү, ведомстволор аралык жана эл аралык кызматташтык маселелеринде мындан ары да жардам көрсөтөрүн айтты.

Ушул Пландын алкагында төмөнкү негизги багыттар боюнча иш-чаралар ишке ашырылат:

1) текшерүүчү органдардын, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишине тобокелдикке багытталган мамилени киргизүү;

2) ыкчам жана стратегиялык талдоо жүргүзүү, ошондой эле жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу маселелери боюнча ФЧМКнын кызматчыларынын квалификациясын жогорулатуу;

3) ФЧМКнын чет мамлекеттердин чалгындоо бөлүмдөрү менен эл аралык кызматташтыгын бекемдөө.

Тараптар көпчүлүк иш-чаралар Кыргыз Республикасынын региондорунда иштеген компетенттүү органдардын кызматчыларынын квалификациясын жогорулатууга багытталгандыгын жана бул өз кезегинде «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруунун алкагында иштерди активдештирүүгө мүмкүндүк берерин белгилешти.

Мындан тышкары, Пландын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-октябрындагы № 360-б буйругу менен бекитилген, 2018-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында Ачык Өкмөттү куруу боюнча улуттук иш-аракеттер планында каралган коммерциялык эмес уюмдар секторунда террористтик ишти каржылоонун тобокелдиктерине баалоо жүргүзүүдө колдоо көрсөтүлөт.