Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ЕАГдын 22-Пленардык жыйынынын натыйжалары боюнча элге жарыя кылуу

29-05-2015

А. ЕАГдын Пленардык жыйыны жөнүндө жалпы маалымат.

2015-жылдын 18-майынан 22-майына чейин Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) 22-Пленардык жыйын жана Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун (ЕАГ) жумушчу топторунун жыйындары өттү.

Иш-чарага ЕАГга мүчө мамлекеттердин делегациялары: Беларусия, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан, ошондой эле ЕАГдагы байкоочу мамлекеттердин жана уюмдардын өкүлдөрү: Италия. Польша, АКШ, Түркия, Черногория, Франция, ФАТФ, МЕНАФАТФ, «Эгмонт» тобу, КМШнын Антитеррористтик борбору (КМШ АТБ), Евразиялык өнүгүү банкы (ЕАӨБ), Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкы (ЕРӨБ), Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюм (ЕККУ), Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча БУУ башкармалыгы (БУУ БКБ), Шанхай кызматташуу уюму (ШКУ) жана Пленардык жыйын аркылуу чакырылган Ирандын өкүлдөрү катышышты.

Жыйындын ишин ЕАГдын төрагасы Аджай Тьяги (Индия Республикасы) жетектеди.

ЕАГдын Пленардык жыйынына Өзбекстан Республикасынын Башкы прокурору Ихтиёр Абдуллаев жана Индиянын Финансы министринин орун басары Раджив Мехриши куттуктоо сөзү менен кайрылды.

В. Пленардык жыйындын өтө маанилүү маселелери

Пленардык жыйын 2015-2018-жылдарга ЕАГдын иш планын, 2014-жыл үчүн ЕАГдын иши жөнүндө отчетун, 2015-жылдын экинчи жарым жылдыгына ЕАГдын иш-чараларынын графигин, Өз ара баалоо жана укук маселелери боюнча жумушчу топтун (БУЖТ) иш аракеттер планын, ошондой эле БУЖТ жана Типологиялар боюнча жумушчу топтун (ТИПЖТ) мандаттарын бекитти.

Пленардык жыйын мүчө мамлекеттерди ИГИЛ террористтик уюмун каржылоо менен күрөшүү аракеттерин күчөтүүгө, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюцияларын тезирээк имплементациялоого чакырат.

С. ЕАГдын ишинин келечектүү багыттары

Пленардык жыйын Иран Ислам Республикасынын ЕАГдын байкоочу макамын берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, зарылдыгына жараша Иранга жардам берүү, ошондой эле Иран атайын чакырылган катышуучу катары Пленардык жыйындарга мындан ары катышып туруусу жөнүндө чечим кабыл алды.

D. ЕАГдын эл аралык жана регионалдык өнөктөш уюмдары менен өз ара аракеттенүүсү

2015-жылдын 1-январында жоюлуп кеткенине байланыштуу, Евразиялык экономикалык биримдикти (ЕврАзЭБ) Пленардык жыйын ЕАГдын байкоочулар курамынан чыгарды.

E. ЕАГга мүчө мамлекеттерде КА/ТКК чөйрөсүндөгү жагдайлар

Түркмөнстан жана Өзбекстан КА/ТКК чөйрөсүндө улуттук мыйзамдарды жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралар боюнча маалымат беришти. Беларусия, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан тобокелдиктерге улуттук баалоо жүргүзүү жана колдонулган ыкмалар жөнүндө маалымат беришти.

Пленардык жыйын Беларусия Республикасынын негизги жана базалык сунуштамалар Р.5, Р.10, Р.13, Р.23, СР.II, CP.IV, ошондой эле башка бир катар сунуштамалар боюнча өсүүлөрүн белгилеп кетти.

Аны менен бирге, Беларусия Республикасы CP.III жана CP.V боюнча кемчиликтерди жоюу боюнча ишин улантуусу зарыл.

Күчөтүлгөн мониторинг жол-жоболорунун алкагындагы ЕАГдын 23-Пленардык жыйынында Беларусия Республикасы КА/ТКК улуттук тутумунун өсүүсү жөнүндөгү кезектеги отчетун берет.

Салык мыйзамдарын өз эрки менен сактоо программалары (СМӨТ)

Пленардык жыйын Казакстандагы салык мыйзамдарын өз эрки менен сактаган программаларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу кошумча маалыматты укту. ЕАГ Катчылыгы тарабынан мурда жүргүзүлгөн талдоо салык мыйзамдарын өз эрки менен сактаган программаларды ишке ашырууда ФАТФтын төрт негизги принциптери бузулгандыгын таба алган жок.

ЕАГ Катчылыгы Казакстандагы кырдаалды көзөмөлдөөнү жана баардык берилген кошумча маалыматтарды талдоону улантат.

F. Башка

Пленардык жумалык иш-чарасынын алкагында ЕАГга мүчө мамлекеттердин жеке секторунун өкүлдөрү катышкан, ЕАГдын жеке сектору «Тобокелдиктерди баалоо жана жеке сектордун ролу. Жетектөөчү принциптер жана кайра байланыш» менен кеңешмелер болду

ЕАГ жөнүндө:

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ ЕАГ, ФАТФ түрүндөгү регионалдык топ болуп саналат. ЕАГ 2004-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө бул топ ФАТФтын эркин мүчөсү макамына ээ.

ФАТФ түрүндөгү бар болгон регионалдык топторго кирбеген, евразиялык региондун өлкөлөрү үчүн ЕАГды түзүү, эл аралык терроризмдин коркунучтарын азайтуу ишинде жана мамлекеттердин финансылык тутумунун айкындыгын, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоодо жана алардын андан ары акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (АА/ТКК) эл аралык инфраструктурага алакалашууда маанилүү ролду ойноону талап кылган. Ошону менен бирге эле КА/ТКК натыйжалуу тутумунун калыптанышы жана өнүгүүсү үчүн региондун өлкөлөрүндө шарттарды түзүү боюнча иштер башталган.

Биринчи жолу ЕАГды түзүү боюнча демилге Россия Федерациясы тарабынан 2003-жылдын октябрындагы ФАТФтын Пленардык жыйынында айтылган. 2004-жылдын февралында бул маселе КМШ жана Кытай өлкөлөрүнүн, ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы» эл аралык кеңешмеде каралган.

Демилге ФАТФ түрүндөгү регионалдык топту түзүү боюнча уюмдаштыруучу конференцияны өткөрүүнү кызыкдар өлкөлөргө сунуштаган, КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин колдоосун алды.

Уюмдаштыруучу конференция 2004-жылдын 6-октябрында Москвада өттү. Ага алты уюмдаштыруучу мамлекет катышты: Беларусия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан. 2005-жылы жана 2010-жылы ЕАГга мүчө мамлекеттердин санына мурун байкоочу макамы бар Өзбекстан, Түркмөнстан, Индия кирди.

Ошону менен, бүгүнкү күндө ЕАГ региондун тогуз мамлекетин бириктирет. Байкоочу макамы 14 өлкөгө жана 18 эл аралык жана региондук уюмдарга берилген.

ЕАГдын негизги максаты эффективдүү өз ара аракеттенүүнү жана регионалдык деңгээлде кызматташууну камсыздоо жана ЕАГга мүчө мамлекеттердин, ФАТФтын сунуштамаларына жана ЕАГга мүчө мамлекеттер катышуучулары болгон, башка эл аралык уюмдардын акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү стандарттарына ылайык, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү эл аралык тутумуна алакалашуу болуп саналат.

ЕАГдын негизги милдеттери:

- кылмыштуу кирешелерди легализациялоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ФАТФтын 40 сунуштамасын жана терроризмди каржылоо менен күрөшүү боюнча ФАТФтын 9 атайын сунуштамасын мүчө мамлекеттер аркылуу жайылтууга жардам кылуу (40+9 ФАТФтын сунуштамасы);

- кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды иштеп чыгуу жана өткөрүү;

- ФАТФтын 40+9 сунуштамасынын базасында мүчө мамлекеттердин өз ара баалоо программаларын, анын ичинде кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кабыл алынган мыйзам чыгаруучу жана башка чараларды эффективдүү окуп үйрөнүүнү жүзөгө ашыруу;

- адистештирилген эл аралык уюмдар, түзүмдөр жана кызыкдар мамлекеттер менен эл аралык кызматташуу жана техникалык көмөктөшүү программаларын жөнгө салуу;

- кылмыштуу кирешелерди легализациялоо жана терроризмди каржылоо чөйрөсүндө типологияларды талдоо жана региондун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, ушундай кылмыштарга каршы аракеттенүү тажрыйбалары менен алмашуу.