Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

19-03-2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын сайтындагы «Тизмектер» бөлүмүндө Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын улуттук тизмегинин жана Террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты кылгандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жактардын тизмегинин (2015-жылдын 19-мартындагы абал боюнча) жаңыланган редакциялары жайгаштырылган.

ФЧМКнын 2015-жылдын 19-мартындагы № 19/Ө буйругуна ылайык, Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмегине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди:

1) Экстремисттик ишке алардын катышы бардыгы тууралуу маалыматы бар жактардын тизмегинен 10 жеке жак чыгарылды;

2) Террористтик ишке алардын катышы бардыгы тууралуу маалыматы бар жактардын тизмеги 2015-жылдын 13-февралындагы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, террористтик жана экстремисттик уюм деп табылган «Ислам мамлекети» же «Ирак менен Левантенин Ислам мамлекети» уюму менен толукталды.

Ошондой эле Террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты кылгандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жактардын тизмеги 3 жеке жак менен толукталды.

Маалымат берүүчү жактар жана акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар дароо төмөнкүлөрдү аткаруулары зарыл:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын сайтынан - «Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын улуттук тизмегин» жана «Террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты кылгандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жактардын тизмегин» жүктөп алып, өздөрүнүн маалыматтар базасын жаңылантууну (2015-жылдын 19-мартындагы абал боюнча) же ушул Тизмекти кагаз бетине басып чыгарууну;

- тейленип жаткан бардык кардарларды, жана алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (бар болсо) ФЧМКнын 2015-жылдын 16-мартындагы № 19/Ө буйругунда аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгууну.