Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

16-03-2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын сайтындагы «Тизмектер» бөлүмүндө Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын эл аралык тизмегинин жаңыланган редакциясы жайгаштырылган (2015-жылдын 16-мартындагы абал боюнча).

ФЧМКнын 2015-жылдын 16-мартындагы № 16/Ө буйругуна ылайык, Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмегине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди:

1) Эл аралык тизмектен төмөнкү адамдар чыгарылды:

- Ahmed Mohammed Hamed Ali;

- Aqeel Abdulaziz Aqeel Al-Aqeel;

- Hakimullah Mehsud;

- Ismail Mohamed Ismail Abu Shaweesh;

- Mustafa Mohamed Fadhil;

- Said Ali Al-Shihr;

- N'guessan Pascal Affi.

2) Эл аралык тизмек төмөнкү адамдар менен толукталды:

- Abd Al-Malik Muhammad Yusuf 'Uthman 'Abd Al-Salam;

- Angga Dimas Pershada;

- Ashraf Muhammad Yusuf 'Uthman 'Abd Al-Salam;

- Bambang Sukirno;

- Denis Mamadou Gerhard Cuspert;

- Ibrahim 'Isa Hajji Muhammad Al-Bakr;

- Tarkhan Tayumurazovich Batirashvili;

- Wiji Joko Santoso.

3) Эл аралык тизмек төмөнкү юридикалык жак менен толукталды:

- Hilal Ahmar Society Indonesia (Hasi).

4) Эл аралык тизмекте төмөнкүлөргө карата маалыматтар жаңы редакцияда баяндалды:

- Khalifa Muhammad Turki Al-Subaiy;

- 5-бөлүмчөдө «Конго Демократиялык Республикасы боюнча 1533 (2004) резолюциясына ылайык негизделген БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Комитети менен бекитилген Санкциялык тизмек» каралган жеке жана юридикалык жактарга.

5) 13-бөлүм «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму менен бекитилген Тизмек (ЖККУ)» алынып салынды.

Маалымат берүүчү жактар жана акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар дароо төмөнкүлөрдү аткаруулары зарыл:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын сайтынан - «Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын эл аралык тизмегин» жүктөп алып, өздөрүнүн маалыматтар базасын жаңылантууну (2015-жылдын 16-мартындагы абал боюнча) же ушул Тизмекти кагаз бетине басып чыгарууну;

- тейленип жаткан бардык кардарларды, жана алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (бар болсо) ФЧМКнын 2015-жылдын 16-мартындагы № 16/Ө буйругунда аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгууну.