ФЧМКнын кызматкерлери 2024-жылдын 23-сентябрынан 27-сентябрына чейин Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында ФАТФ (Акчаны адалдоого каршы каржылык чара көрүү тобу) стандарттары боюнча окуу семинарына катышты.
Кыргыз тараптын бул иш-чарага катышуусунун негизги максаты ФАТФ стандарттары боюнча билимин жогорулатуу жана акыркы өзгөртүүлөр менен таанышуу.
Белгилей кетсек, мындай окутуу семинарларына катышуу мындан ары баалоочу катары окууга жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) мүчө-мамлекеттеринин өз ара баалоолоруна катышууга кызыкдар эксперттер үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
Маалымат үчүн: ФАТФ (РТТФ) тиби боюнча региондук топтор өз ара баалоо жүргүзүшөт, анын алкагында катышуучу мамлекеттердин террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн (ТИК/ККЛК) улуттук системалары эл аралык стандарттарга ылайыктуулугу текшерилет.
Өз аралык ФАТФ үлгүсүндөгү Регионалдык топтун бардык мүчө-мамлекеттеринин өкүлдөрү башка мүчө мамлекеттерге баа берүүсүн билдирет. Өз ара баалоо системасы ФАТФтын атайын методологиясына негизделген. Методология ФАТФтын 40 Сунуштамасында баяндалган негизги принциптерди чагылдырат, ошондой эле ТИК/ККЛК жаатындагы жалпыланган эл аралык тажрыйбаны эске алат.
ФАТФ стандарттары боюнча тренинг семинарына катышуунун натыйжасында кызматкер ФАТФтын акыркы өзгөртүүлөрү менен таанышып, ТИК/ККЛК жаатында башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүп, ошондой эле 2025-жылдын декабрына пландаштырылган ЕАТга мүчө мамлекеттер тарабынан Кыргыз Республикасын өз ара баа берүүдөн ийгиликтүү өтүү үчүн билимге ээ болду.