Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасы мыйзамдардын эл аралык стандарттарга ылайыктуулугу боюнча эң мыкты рейтинг менен дүйнөнүн алдыңкы 12 өлкөсүнүн катарына кирет.

24-12-2024

1. Эл аралык милдеттенмелер.

2011-жылдын 16 – июнунда Москва шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 15-июнундагы № 83 мыйзамы менен ратификацияланган Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топ жөнүндө Макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасы кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (мындан ары-ЕАТ) мүчө мамлекети болуп саналат.

ЕАТ - ФАТФ тибиндеги аймактык топ. ЕАТга 9 мамлекет кирет: Беларусь, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикистан, Түркмөнстан жана Өзбекстан. ЕАТ ФАТФтын ассоциацияланган мүчөсү болуп эсептелет.

ЕАТ жөнүндө макулдашуунун алкагында мүчө- мамлекеттер өзүнө төмөнкү эл аралык милдеттенмелерди алышат:

- ФАТФнын сунуштамаларына ылайык келген мыйзамдарды иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча активдүү кадамдарды жасоо;

- ЕАТнын өз ара баалоо программаларына катышуу.

Белгилей кетсек, ФАТФтын сунуштамалары акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таркатууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттар болуп саналат.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2368 (2017) жана 2395 (2017) акыркы резолюцияларына ылайык, БУУнун Коопсуздук кеңеши БУУнун бардык мүчө мамлекеттерин ФАТФтын 40 сунуштамасында бекитилген ар тараптуу эл аралык стандарттарды сактоого үндөйт.

2. Кыргыз Республикасын өз ара баалоо.

2-раунддун алкагында ЕАТга мүчө мамлекеттердин өз ара баалоолорунун графигине ылайык, 2017-2018-жылдар аралыгында ЕАТнын эксперт-баалоочулары тарабынан Кыргыз Республикасына өз ара баалоо жүргүзүлүп, анын алкагында төмөнкү багыттарда баалоо жүргүзүлгөн:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ФАТФтын 40 сунуштамасына техникалык шайкештигине баа берүү;

2) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чаралардын натыйжалуулугун баалоо.

Өз ара баалоо тууралуу кеңири маалыматты ФАТФтын сайтынан окуй аласыздар: https://www.fatf-gafi.org/en/topics/mutual-evaluations.html

Кыргыз Республикасын өз ара баалоо жөнүндө отчет ЕАТтын 2018-жылдын 25-майындагы 28-Пленардык отурумунун жүрүшүндө каралды жана бекитилди. Кыргыз Республикасы өз ара баалоонун натыйжалары боюнча ыйгарылган төмөн рейтингдерине байланыштуу (4 – шайкеш келбөө, 9 жарым-жартылай шайкеш келүү, натыйжалуулуктун 2 төмөнкү жана 9 орточо деңгээли), ЕАТнын күчөтүлгөн мониторингинде жана ФАТФтын эл аралык кызматташтыктын серептери боюнча жумушчу тобу (ICRG) кароого тийиш болгон өлкөлөрдүн катарында турат.

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын системасынын натыйжалуулугунун деңгээлинин Рейтинги (2018-жылдын майына карата) натыйжалуулуктун төмөн жана орточо деңгээлин көрсөтүп турат.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасы үчүн бул чөйрөдө системанын натыйжалуулугунун деңгээлин жогорулатуу үчүн тиешелүү чараларды көрүү, анын ичинде аталган чөйрөдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын натыйжалуу ишке ашыруу артыкчылыктуу милдеттерден болуп саналат.

ЕАТга мүчө мамлекеттердин өз ара баалоосунун 3-раундунун графигине ылайык, Кыргыз Республикасы 2026-2027-жылдар аралыгында кезектеги өз ара баалоодон өтөт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасында 2024-2026-жылдарга стратегиялык иш планына ылайык, ЕАТга мүчө мамлекеттерди өз ара баалоонун 3-раундунун алкагында Кыргыз Республикасын өз ара баалоого даярдоо жана өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

3. Кыргыз Республикасынын кемчиликтерин жоюу.

2018-жылдагы Өз ара баалоо жөнүндө отчетто каралган Кыргыз Республикасынын кемчиликтерин жоюу максатында 2018-жылдын майынан 2023-жылдын декабрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча үзгүлтүксүз жана ырааттуу иштер жүргүзүлдү, Кыргыз Республикасынын рейтингин жогорулатуу үчүн төмөн рейтингдеги ФАТФнын 13 Сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын прогресси жөнүндө 5 отчету даярдалды жана корголду.

2018-жылдагы өз ара баалоо жөнүндө отчет менен жана Кыргыз Республикасынын прогресси жөнүндө отчеттору менен ЕАТнын сайтынан таанышууга болот: https://eurasiangroup.org/ru/mutual-evaluation-reports.

ФАТФнын 40 сунуштамасына техникалык шайкештик боюнча Кыргыз Республикасынын Рейтинги жана аларды кайра карап чыгуу динамикасы төмөндө көрсөтүлгөн таблицада берилген:

Кыргыз Республикасынын Отчетунун каралган чагы

Техникалык шайкеш келүү рейтинги

Шайкештик жок

Жарым жартылай шайкештик

Кыйла шайкеш келет

Шайкеш келет

2018 - жылдын май айы

4

9

25

2

2019 – жылдын ноябрь айы

1

-

35

4

2022 – жылдын ноябрь айы

-

2

34

4

2023 – жылдын ноябрь

-

-

36

4

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы ФАТФнын 40 сунушу боюнча 4 шайкештик жана 36 кыйла шайкештик бар.

Бул рейтингдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын эл аралык стандарттарга ылайыктуулугу жөнүндө жакшы көрсөткүч болуп саналат.

4. Рейтингдердин салыштырма талдоосу.

Дүйнө өлкөлөрүнүн консолидацияланган жана актуалдуу рейтингдери ФАТФтын расмий

сайтында жайгаштырылган https://www.fatf-gafi.org/en/publications/Mutualevaluations/Assessment-ratings.html.

ЕАТга мүчө мамлекеттердин (Беларусь, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) жана дүйнөнүн экономикалык жактан кыйла өнүккөн өлкөлөрүнүн (Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Россия, Франция, АКШ, Корея, Малайзия, БАЭ) рейтингдери менен салыштырганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын эл аралык стандарттарга техникалык шайкештиги жогору болуп саналат жана алдыңкы позицияны ээлейт (1-орун), анткени Кыргыз Республикасында төмөн рейтингдер (шайкеш келбейт жана төмөнкү шайкештик ) жок.

2024-жылдын 19-декабрына карата дүйнө өлкөлөрүнүн жалпы дүйнөлүк рейтингине (кыйла шайкештик жана шайкештик рейтингдери боюнча) салыштырмалуу талдоо Кыргыз Республикасы мыйзамдардын эл аралык стандарттарга техникалык шайкеш келиши чөйрөсүндө эң мыкты рейтингдери менен дүйнөнүн алдыңкы 12 өлкөсүнүн (Катар, Маврикий, Кайман аралдары, Гибралтар, Макао, Багамы, Мальта, Словения, Монголия, Латвия, Сербия) катарына кирээрин жана 205 өлкөнүн ичинен 12-орунда экендигин көрсөттү.

Мындан тышкары, акчаларды адалдоо тобокелдигине баа берүү боюнча Базель индексин талдоо көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасынын рейтинги 2021-жылдан тартып акырындык менен жакшырып келет, б.а. 2021-жылы 26-орунду (6,09 балл) ээлесе, 2024-жылы 45-орунду (5,95 балл) ээлейт, бул Кыргыз Республикасында кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдиктеринин деңгээлинин төмөндөшүн көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы.