Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФЧМК төмөнкү бош административдик мамлекеттик жана жарандык кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы төмөнкү бош административдик мамлекеттик жана жарандык кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт:

Башкы жана улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси.

Юридикалык бөлүм

Юридикалык бөлүмдүн башчысы (Б-Б – 1 шт. бирд.)

1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку кесиптик билим (юридикалык).

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенциясы:

3.1. Билүүсү:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V «Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө» токтомун;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун: 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу»; 2017-жылдын 31-майындагы № 313 «Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө»; 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө»; 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө»; 2013-жылдын 7-майындагы № 255 «Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;

- адам ресурстарын башкаруу жаатындагы жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү.

3.2. Билгичтиги:

- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүмдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилелерге талдоо жүргүзүү, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

- башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчиликти алуу;

- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү;

- коюлган маселелерди чечүү үчүн новатордук мамилелерди колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

- конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу.

3.3. Көндүмдөрү:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (кол алдында иштегендердин ортосунда тапшырмаларды жана иштерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын стратегиялык максаттарын жана жетекчиликтин божомолун өзүнүн кол алдында иштегендерине сапаттуу жеткире билүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы түрлөрүн жана ыкмаларын издөө);

- маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда турган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун илгерилетүү;

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте сунуштарды даярдоо жана киргизүү;

- жетекчиликке кол коюуга берилген юридикалык мүнөздөгү документтердин долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигин текшерүү;

- эл алдына чыгып сүйлөө (ЖМКга басылмалар);

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иш этикетинин ыктарын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдына чыгып сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишке байланыштуу кат жазышууларды жүргүзүү.

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу

(У-А, 1 шт. бирд.)

1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку кесиптик билим (юридикалык, адам ресурстарын башкаруу жаатындагы жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү).

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенциясы:

3.1. Билүүсү:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө»; «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө»; «Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын: 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө», 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө», 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун: 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 «Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө», 2017-жылдын 6-январындагы № 8 «Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө»; 2003-жылдын 24-июлундагы № 462 «Эмгек китепчелеринин формасын, эмгек китепчелерине кошумча барак формасын жана Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө»; 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө»; 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө»; 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө»; 2013-жылдын 7-майындагы № 255 «Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу».

3.2. Билгичтиги:

- эл алдына чыгып сүйлөө (ЖМКга басылмалар);

- коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө локалдык укуктук актыларды даярдоо;

- маалыматтарды топтоо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

- иш сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- мамлекеттик жарандык кызматты башкаруунун жогорку кесиптик системасын түзүү;

- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу;

- алардын кесипкөйлүгүн жогорулатууга түрткү берүүчү мамлекеттик жарандык кызматчыларды материалдык жана материалдык эмес мотивациялоо системасын түзүү;

- мамлекеттик жарандык кызматтын кадрларынын улуттук жана ички резервдерин түзүү жана иштетүү механизмдерин ишке ашыруу;

- мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана кадрлар резервинде турган адамдардын окууга болгон жалпы муктаждыгын түзүү, пландаштыруу жана божомолдоо;

- системалык деңгээлде кызматчылардын карьералык өсүүсүн уюштуруу;

- ФЧМКда кадрдык резервди натыйжалуу колдонуу;

- мамлекеттик кадр саясаты, мамлекеттик кызматты өтөө маселелери боюнча ФЧМКнын мамлекеттик жарандык кызматчыларына кеңеш берүүчү, усулдук жана маалыматтык жардам көрсөтүү.

3.3 Көндүмдөрү:

- эмгек мамилелерин жөнгө салуучу жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар менен иштей билүү жана аларды практикада колдоно билүү;

- ишти пландаштыруу жана кызмат убактысын бөлүштүрүүнү уюштуруу;

- башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;

- аналитикалык документтерди, презентацияларды түзүү;

- кадрларды тандоо жана алардын документтерин тариздөө боюнча иштөө, персонал менен иштешүү;

- купуялуулук режими боюнча окууларды өткөрүү;

- кадрдык документтерди архивдөө боюнча;

- иш сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- үйрөтүү иштери;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу.

Конкурска катышуу үчүн документтердин төмөнкү пакетин берүү керек:

1) жеке арызы;

2) кадрларды эсепке алуу боюнча баракча;

3) өмүр баяны (соттуулугу бар же жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

4) резюме;

5) фотография;

6) паспорттун көчүрмөсү;

7) керектүү кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариуста же иштеген жери боюнча персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө, квалификациясынын жогорулатылгандыгы жөнүндө, илимий даражалар жана наамдар ыйгарылгандыгы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү);

8) сунуштама каттар;

9) ден соолугунун абалы жөнүндө маалымкат.

Документтер скоросшивателге салынып, 2019-жылдын 18-февралына чейин, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 21 А дареги боюнча берилиши керек.

Эскертүү: Квалификациялык талаптарга туура келген конкурсанттар конкурска катышуу үчүн чакырылат. Байланыш телефондорун көрсөтүү зарыл.

Кошумча маалыматты 32-55-27 телефону боюнча же www.mkk.gov.kg, www.fiu.gov.kg. сайттарынан алсаңыздар болот.

.