Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегине өзгөртүүлөр киргизилди

20-06-2022

ФЧМКнын 2022-жылдын 22-июнундагы № 80-ө/п буйругуна ылайык, 2022-жылдын 7-мартындагы № 18-ө/п буйругу менен бекитилген Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

1) «Гибралтар»сабында «Тизмеге киргизүү үчүн негиз» мамычасында «ФАТФтын тизмеси» деген сөздөр менен толукталсын;

2) тизменин 43-пукнту (Мальта Республикасы) алынып салынсын.

Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жаныланган тизмеги,PDF жана EXCEL электрондук форматтарында ушул веб-сайттын «Тизмектер» бөлүмүнүн «Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеги» бөлүмчөсүндө жеткиликтүү.