Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасында кылмыштуу активдерди табуу, камакка алуу, конфискациялоо жана кайтаруу механизмдерин өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык иш-чаралар планы иштелип чыкты жана бекитилди.

03-10-2022

2022-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.А. Касымалиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында иштөөчү Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Комиссиянын 3-жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерине улуттук баа берүүнү уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча чечимдер каралды жана кабыл алынды, анын ичинде тобокелдиктерди баалоону өткөрүү методологиясы, жумушчу топтордун курамы жана тобокелдиктерди баалоону өткөрүү графиги бекитилди.

Комиссиянын жыйынында каралган маанилүү маселе болуп Кыргыз Республикасында кылмыштуу активдерди табуу, камакка алуу, конфискациялоо жана кайтаруу механизмдерин өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык иш-чаралар планын кароо жана бекитүү болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын тиешелүү компетенттүү органдарынын өкүлдөрү, улуттук жана эл аралык эксперттердин тобу менен болгон тыгыз жумушчу кеңешмелердин жыйынтыгы болуп саналат.

Бул ведомстволор аралык план АКШ Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен БУУнун БКБнын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсеси тарабынан ишке ашырылуучу «Коррупциялык иштин натыйжасында мыйзамсыз алынган активдерди табуу, конфискациялоо жана кайтаруу жаатында Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүү» долбоорунун алкагында техникалык жардам көрсөтүү менен кылмыштуу активдерди табуу, камакка алуу, конфискациялоо жана кайтаруу боюнча натыйжалуу механизмдерин Кыргыз Республикасында түзүү үчүн маанилүү концептуалдык документ болуп калат.

Кылмыштуу активдерди табуу, камакка алуу, конфискациялоо жана кайтару чөйрөсүндөгү жакшы иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле аларды иш жүзүндө колдонуу көндүмдөрү, параллелдүү финансылык иликтөө чөйрөсүндөгү ведомстволор аралык жана эл аралык кызматташуу боюнча иштерди активдештирүү кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана аны менен байланышкан коррупциялык жана башка предикаттуу кылмыштарды натыйжалуу тергөөнү жүргүзүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынан чыгарылган кылмыштуу активдерди кайтаруу үчүн зарыл шарттар болуп саналарын белгилей кетиш керек.