Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Коммерциялык банк жоопкерчиликке тартылды

01-09-2023

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ички контроль тутумун уюштуруу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн (ички контроль программасын колдонуу, тобокелдикке багытталган мамилелерди колдонуу, кардарды талаптагыдай текшерүүнү колдонуу) жана контролдоого жана кабарлоого тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүү талаптарын, тартибин жана мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 355-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банкка жалпы суммасы 228 миң сом өлчөмүндөгү 4 айып пул салган.