Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ФИНАНСЫЛЫК ЧАЛГЫНДОО МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН (мындан ары – ФЧМК) 2017-жылдын I кварталындагы ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТУУРАЛУУ ОТЧЁТУ

13-04-2017

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ФИНАНСЫЛЫК ЧАЛГЫНДОО МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН (мындан ары – ФЧМК) 2017-жылдын I кварталындагы ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТУУРАЛУУ ОТЧЁТУ

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ФЧМКнын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу максатында, 2017-жылдын I кварталында ФЧМКда төмөнкүдөй иштер жасалды:

1. Маалымат берүүчү жактардан келип түшкөн операциялар жана бүтүмдөр тууралуу маалыматтарды алуу жана каттоо, ФЧМКнын маалыматтар базасын мониторингдөө жана андан иргеп алуу:

Отчёттук мезгилде ФЧМК тарабынан төмөнкүдөй санда маалымат берүүчү жактардан келип түшкөн операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөр алынды жана аларды каттоо жүзөгө ашырылды:

1) БМСке келип түшкөн билдирүүлөрдүн жалпы саны – 198 796;

2) Кабыл алынуучу билдирүүлөрдүн күнүмдүк көлөмү (орточо) – 2741.

2. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө бирдиктүү маалымат системасынын (мындан ары - БМС) иштөөсүн камсыздоо:

БМСтин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо максатында коммерциялык банктарга жана банктык эмес уюмдарга типтүү формаларды толтуруу, билдирүүлөрдү өткөрүп берүү жана башка техникалык каталар (маалыматтарды туура эмес киргизүү, квитанцияларды жеткирүүдөгү каталар, банктар тарабында адаптерлердин иштөөсүн текшерүү) менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кеңеш берүүчү-усулдук жардам дайыма көрсөтүлүп келди.

Маалыматтар базасын башкаруу системасынын иштөөсүн камсыздоо, сервердик жабдуулар, ошондой эле ФЧМКнын программалык камсыздоосун иштеп чыгуу жана коштоп жүрүү боюнча жергиликтүү желедеги бузулууларды жоюу боюнча алдын ала оңдоо иштери дайыма жүргүзүлүп келди.

3. Алынган маалыматты иштеп чыгуу жана жалпыланган материалдарды укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү:

Отчёттук мезгилде кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) табуу максатында маалымат берүүчү жактардан алынган, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын суроо-талаптары боюнча алынган маалыматтардын негизинде жана «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алынган башка кошумча материалдардын негизинде 34 финансылык иликтөө жүргүзүлдү.

Финансылык иликтөөнү жүргүзүүнүн жүрүшүндө:

1. Маалымат берүүчү жактардан келип түшкөн 74 831 билдирүү иштелип чыкты.

2. Суроо-талаптар даярдалды жана жиберилди:

- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына – 1035;

- Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарына – 74;

- Финансылык чалгындоо бөлүмдөрү «Эгмонт» тобунун мүчөлөрү менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында 5 суроо-талап жиберилди, чет мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнөн 16 суроо-талап алынды, алардын ичинен 4 суроо-талап аткарылып, жооптору жиберилди, калгандары каралууда турат.

Жүргүзүлгөн финансылык иликтөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча 5 жалпыланган материал даярдалды. Жалпыланган материалдар Кыргыз Республикасынын төмөнкү укук коргоо органдарына жиберилди:

1. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү багыты боюнча:

  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине – 1 (1 жеке жакка карата);
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка – 2 (11 жеке жакка жана 1 юридикалык жакка карата);

2. Террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү багыты боюнча:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине – 1 (8 жеке жакка карата);

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине – 1 (4 жеке жакка карата);

15 юридикалык жакка карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка 12 материал кошумча жиберилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 135 токтому менен бекитилген Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, каражаттарды бир калыпта кармоо жана бошотуу тартиби жөнүндө жобого ылайык төмөнкүдөй буйруктар чыгарылды:

- операцияны бир калыпта кармоо жөнүндө – 1;

- операцияны бошотуу жөнүндө – 3;

- бир калыпта кармап туруудан баш тартуу жөнүндө – 10;

«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын тизмегинен аларды чыгаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын жарандарынан келип түшкөн 4 арыз каралды. Арыздарды кароонун жыйынтыгы боюнча Тизмеден 4 адам чыгарылды.

4. Эл аралык кызматташтык:

1. Эл аралык макулдашуулар:

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу максатында төмөнкү меморандумдарга кол коюлду:

  • Эгмонт тобунун Пленардык жыйынын өткөрүү мезгилинде Доха шаарында (Катар мамлекети) 2017-жылдын 31-январында кол коюлган Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Панама Республикасынын Президентине караштуу Министрликтин Финансылык талдоо бөлүмүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
  • ФАТФтын Пленардык жыйынын өткөрүү мезгилинде Париж шаарында (Франция) 2017-жылдын 21-февралында кол коюлган Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Израиль мамлекетинин Акчаларды адалдоону жана терроризмди каржылоону алдын алуу боюнча ведомствосунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

2. Акчаларды адалдоого каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуучу топтун (мындан ары – ФАТФ) алкагындагы ишмердүүлүк:

2017-жылдын 19-февралынан 24-февралына чейинки мезгилинде Париж шаарында (Франция) ФАТФтын жумушчу топторунун жыйындары жана Пленардык жыйыны болуп өттү. Жыйындарда терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча негизги маселелер (маалымат алмашуу, стандарттарды карап чыгуу, саясатка жана ФАТФтын өз ара баалоо жол-жоболоруна сереп салуу, эл аралык кызматташтыкка сереп салуу, ФАТФтын баалар методологиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү, терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча операциондук планды имплементациялоо жана бир катар башка маселелерди карап чыгуу) каралды, жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жана аймактардын тизмектери жаңыртылды.

Аталган иш-чараларга ФЧМКдан 2 кызматчы катышты.

3. Эгмонт тобуна мүчөлүк

2017-жылдын 29-январынан 3-февралына чейинки мезгилде Доха шаарында (Катар) «Эгмонт» (Эгмонт тобу) жумушчу топторунун жыйындары жана финансылык чалгындоо бөлүмдөрү тобунун Пленардык жыйыны болуп өттү. Ушул жыйындарда КА/ТКК чөйрөсүндөгү негизги маселелер каралды жана талкууланды, кылмыштуу кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) жана терроризмди каржылоонун жаңы типологиялары талданды.

Аталган иш-чараларга ФЧМКдан 2 кызматчы катышты.

4. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун (мындан ары – ЕАТ) алкагындагы ишмердүүлүк

2017-жылдын биринчи кварталында Кыргыз Республикасынын ККЛ/ТКК системасын өз ара баалоонун 2-раундунун алкагында Кыргызстанга ЕАТтын баалоочу эксперттеринин сыртка чыгып өткөрүү миссиясына активдүү даярдык көрүү жүргүзүлдү.

2017-жылдын 24-январында ФЧМКнын 3 кызматчысы видеоконференцбайланыш форматында ЕАТтын баалоочу эксперттери менен алдын ала жолугушууга катышышты.

2017-жылдын 27-мартынан 6-апрелине чейинки мезгилинде ЕАТтын баалоочу эксперттеринин сыртка чыгып өткөрүү миссиясы өткөрүлдү. Кыргыз Республикасына болгон ЕАТтын баалоочу эксперттеринин сыртка чыгып өткөрүү миссиясынын программасында Кыргыз Республикасынын төмөнкү өкүлдөрү менен жолугушуу каралган:

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;

2) Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия;

3) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;

5) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

6) «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК;

7) «Оптима Банк» ААК;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;

9) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;

10) «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк» ЖАК (же KICB);

11) «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК;

12) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;

13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы;

14) Камсыздандыруу уюмдарынын өкүлдөрү;

15) Акча которуулар системаларынын жана төлөм системаларынын өкүлдөрү, «Кыргыз почтасы» МИ;

16) Коммерциялык эмес уюмдар сектору;

17) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти;

18) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы;

19) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы;

20) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;

21) Баалуу металлдар жана баалуу таштар боюнча дилерлердин өкүлдөрү;

22) Алмашуу бюролорунун өкүлдөрү;

23) Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту;

24) Кыргыз Республикасынын Жогоку Сотуна караштуу Сот департаменти;

25) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;

26) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;

27) Микрофинансылык компаниялардын жана микрокредиттик компаниялардын, кредит союздарынын өкүлдөрү;

28) Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары – Фондулук биржанын, Борбордук депозитарийдин өкүлдөрү, Инвестициялык фонддордун брокерлери (дилерлери);

29) Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети;

30) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;

31) Адвокаттардын, нотариустардын жана бухгалтерлердин өкүлдөрү;

32) Риэлторлордун коомдук бирикмеси;

33) Кыргызстан банктарынын союзу;

34) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши.

Баалоочулар командасы менен Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүүнүн негизи максаты кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын системасынын ушул чөйрөдөгү эл аралык стандарттарга шайкеш келүүсүн баалоо болуп саналат.

ФЧМКда ЕАТтын баалоочу эксперттеринин Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү менен жолугушуулары боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлдү.

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү системасын өз ара баалоонун 2-раундуна даярдык көрүүнүн алкагында ФЧМКнын аналитикалык башкармалыгы тарабынан кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ФЧМКнын Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү боюнча кейстер даярдалды жана кейстерди талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Ушул презентациялар 2017-жылдын 27-мартынан 7-апрелине чейинки мезгилинде Кыргыз Республикасына болгон алардын сыртка чыгып өткөрүү миссиясынын алкагында ЕАТтын баалоочу эксперттери менен болгон жолугушууларында ФЧМКнын аналитикалык башкармалыгы тарабынан өткөрүлдү.

5. Финансылык мониторингдөөнүн эл аралык окуу-методикалык борборунун (мындан ары - ФМЭОМБ) техникалык жардамынын алкагында:

ФМЭОМБ, ФЧМК жана ФЧМК ОМБ ортосундагы 2015-жылдын 16-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын аймагында видеоконференцбайланышынын (мындан ары - ВКБ) абоненттик түйүнүн түзүү жана иштетүү жөнүндө» Макулдашууга ылайык, 2017-жылдын 1-январынан 31-мартына чейинки мезгилинде ФЧМКнын өкүлдөрү катышкан ВКБ системасын колдонуу менен 6 иш-чара өткөрүлдү.

Видеоконференцбайланыш системасын колдонуу менен Финансылык мониторингдөөнүн эл аралык окуу-методикалык борбору тарабынан төмөнкүдөй окутуу семинарлары жана тегерек столдор өткөрүлдү:

  • 2017-жылдын 27-январында видеоконференцбайланыш режиминде «Шектүү операцияларды жүргүзүүдө банктардын тартылуу деңгээлин баалоо жана финансы чөйрөсүндөгү бузулууларга өз убагында аракет кылуу максатында тобокелдикке багытталган көзөмөл боюнча процессти жайылтуу тажрыйбасы» аттуу темадагы тегерек стол өткөрүлдү. Ушул семинарга ФЧМКнын кызматчысы катышты.
  • 2017-жылдын 3-февралында «Мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иш-чараларды өткөрүүдө ФАТФтын 1 (тобокелдикке багытталган мамиле), 10 (кардарларды талаптагыдай текшерүү), 15 (жаңы технологиялар), 23 (башка чаралар) сунуштамаларын практикалык ишке ашыруу» аттуу темадагы тегерек стол өткөрүлдү. Ушул семинарда ФЧМКнын кызматчысы тегерек столдун тематикасы боюнча баяндамасы менен чыкты.
  • 2017-жылдын 17-февралында «Акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерин натыйжалуу башкаруунун заманбап мамилелери» аттуу темадагы тегерек стол өткөрүлдү. Ушул семинарга ФЧМКнын кызматчысы катышты.
  • 2017-жылдын 3-мартында «Коррупциялык укук бузуулардын типологиялары, маалыматтарды визуалдык талдоо инструментин колдонуу менен мүмкүн болгон коррупциялык иштин эпизоддорун таап чыгуу жана талдоо методикасы» аттуу темада семинар өткөрүлдү. Ушул семинарга ФЧМКнын 2 кызматчысы катышты.
  • 2017-жылдын 10-мартында «Терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүмкүнчүлүктөрү» аттуу темада семинар өткөрүлдү. Ушул семинарга ФЧМКнын 2 кызматчысы катышты.
  • 2017-жылдын 24-мартында «Кредиттик уюмдарда тобокелдикке багытталган мамилени колдонуу» аттуу темадагы тегерек стол өткөрүлдү. Ушул семинарга ФЧМКнын 2 кызматчысы катышты.

6. КМШга катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин алкагында ишмердүүлүк

2017-жылдын 1-мартында жана 1-февралында видеоконференцбайланыш форматында ФЧБЖКнын кеңешмелери өткөрүлдү. Ушул кеңешмелерге ФЧМКдан 2 кызматчысы катышты.

7. Башка

2017-жылдын 8-февралынан 10-февралына чейин ФЧМКнын Аналитикалык башкармалыгы тарабынан кылмыштуу активдерди кайтаруу боюнча Базель башкаруу институтунун эксперттеринин миссиясы кабыл алынды.

5. Мамлекеттик тил

Ыйман, адеп жана маданият жылын даярдап өткөрүү боюнча иш-чаралар планынын аткаруу максатында ФЧМКнын 2017-жылдын 6-мартындагы № 13/Ө «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» буйругу иштелип чыкты.

Жогоруда аталган Иш-чаралар планынын 1-пунктун аткаруу максатында ФЧМКда «Желбирей бер эркиндиктин желеги» аттуу ураан менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун 25-жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Салтанаттуу маанайда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин коштоосу менен ФЧМКнын флагштогунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги көтөрүлдү.

Отчеттук мезгил ичинде «Тил жана маданият» жана «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат» гезиттерине жазылуу жүргүзүлдү.

6. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана жайылтуу:

2017-жылдын I кварталында ФЧМКда төмөнкүдөй Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлору иштелип чыкты:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен төмөнкүлөрдүн ортосундагы Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндө меморандумдун долбоорун макулдашуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары:

- Панама Республикасынын Президентине караштуу Министрликтин Финансылык талдоо бөлүмү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-майындагы № 236-б буйругу);

- Израиль мамлекетинин Акчаларды адалдоону жана терроризмди каржылоону алдын алуу боюнча ведомствосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 215-б буйругу);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында иштелип чыккан ФЧМКнын 2017-жылдын 23-январындагы № 1/чуа «Тизмектерди, маалымдамаларды, типтүү формаларды жана нускамаларды бекитүү тууралуу» буйругу кабыл алынды. Ушул ФЧМКнын буйругунун долбоору кызыкдар мамлекеттик органдар (чыг. № 06-1/887, 22.09.2016-ж, чыг. № 06-1/988, 13.10.2016-ж.) менен макулдашуу жол-жобосун өттү. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жогоруда аталган ФЧМКнын буйругуна оң корутунду чыгарды (чыг. № 04-1/30-11578, 17.11.2016-ж.). Ушул буйрук «Эркин Тоо» гезитинин 2017-жылдын 24-январындагы № 6 (2731) санына жарыяланган.

85 буйрук даярдалды, алардын ичинен:

- өндүрүштүк – 32, алардын ичинен бир калыпта кармоо жөнүндө тескеме -15;

- өргүүлөр боюнча - 19;

- командировкалар боюнча – 5;

- өздүк курам боюнча – 28;

- административдик-чарбалык иш боюнча – 3.

7. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын жыйыны:

2017-жылдын 23-мартында курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтому менен бекитилген Комиссиянын мүчөлөрү жана Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышкан Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын 4-жыйыны болуп өттү. Комиссиянын ушул жыйынында төмөнкү маселелер каралды:

1) 2017-жылдын 27-мартынан 6-апрелине чейинки мезгилге пландаштырылган Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун баалоочу эксперттеринин сыртка чыгып өткөрүү миссиясына даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу;

2) 2017-жылдын 22-майынан 26-майына чейинки мезгилге пландаштырылган ЕАТтын жумушчу топторунун жыйындарын жана 26-Пленардык жыйынын, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин жумушчу топторунун жыйындарын жана 9-жыйынын Бишкек шаарында өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча чаралар тууралуу;

3) Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин баалоонун жыйынтыктары тууралуу.

2017-жылдын 27-мартында ЕАТтын баалоочулар командасы менен Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн жолугушуусу уюштурулду. Ушул жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

- Акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чараларын ишке ашыруунун натыйжалуулугу маселеси;

- Акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерин түшүнүү (НР.1);

- АА/ТК тобокелдиктерин аныктоо, идентификациялоо, талдоо жана жоюу маселеси (ТУБ);

- Акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү улуттук саясат;

- Жөнгө салуунун жалпы механизмдери жана акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү контекстинде Комиссиянын катышуучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүү.

8. Контролдоо-көзөмөлдөө ишмердүүлүгү:

Отчёттук мезгил ичинде маалымат берүүчү жактардын Реестрди түзүүсү жана ички контроль эрежелеринин бар экендиги жана алардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 135 токтому менен бекитилген «Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контроль эрежелерине коюлуучу жалпы талаптар жөнүндө жободо» баяндалган ички контроль эрежелерине коюлуучу жалпы талаптарга шайкеш келүүсү боюнча мониторинг жүргүзүүсү менен байланышкан иштер туруктуу негизде жүргүзүлүп келди.

Жыйынтыгында 2017-жылдын I кварталында 10 жак катталган (БМС АКК толтурулган), алардын ичинен:

- микрофинансылык уюмдар – 2;

- алмашуу бюросу – 8.

Банктык жана банктык эмес секторлор менен, ошондой эле көзөмөлдөө органдары менен дайыма өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылып турат.

9. Коомчулук менен өз ара аракеттенүү.

Отчёттук мезгил ичинде жарандардан 8 кайрылуу келип түшкөн, алардын ичинен 6 өз убагында каралган жана «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттө жооптору жиберилген.

«Слово Кыргызстан» «В конце недели» газетасына 2017-жылдын 17-мартында Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын системасынын эл аралык стандарттарга техникалык шайкештигин жана ушул чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо үчүн Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун баалоочу эксперттеринин сыртка чыгып өткөрүү миссиясына арналган «Баалоону күтүү» аттуу ФЧМКнын төрагасы А.Дж. Кадыралиевдин маеги жарыяланган.

«Азаттык үнү» укук коргоо порталынын сайтына 2017-жылдын 2-февралындагы Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо чөйрөсүндө Кыргызстандын коммерциялык эмес секторунда тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары презентациясынын негизинде Дениз Гатауллиндин «Өлкөнү терроризмди каржылоо жана акчаларды адалдоо коркунучтарынан кантип сактайбыз?» аттуу темадагы макаласы жарыяланды.

2017-жылдын 22-мартында ФЧМКнын Уюштуруу-укук бөлүмүнүн башчысы Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын системасынын эл аралык стандарттарга техникалык шайкештигин жана ушул чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо үчүн Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун баалоочу эксперттеринин сыртка чыгып өткөрүү миссиясына арналган брифинг берди.

Ушул жолугушууга төмөнкү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты:

- «Ала-Тоо 24» маалыматтык телеканалы;

- «АКИpress» маалыматтык агенттиги;

- «Кабар» маалыматтык агенттиги;

- Кыргыз Радиосу.

10. Коррупцияга каршы саясат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чаралар планын аткаруу максатында 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет даярдалды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилди (чыг. № 01-1/7, 05.01.2017-ж.).

2017-жылдын 30-январында ФЧМКнын Коомдук кеңешинин мүчөсү – А.А. Сарыбаев жана «Жарандык катышуу» коомдук фондунун өкүлү – Б.Ж. Качикеев катышкан ФЧМКнын коррупцияга каршы ишинин маселелери боюнча жыйыны болуп өттү.

Ушул жыйында ФЧМКнын коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуусу Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Координациялык кеңешмесинин 2016-жылдын 28-июнундагы № 1 чечимине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 токтомуна ылайык, мамлекеттик органдар коомдук кеңештердин өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди жана жарандык коом институттарын тартуу менен 2017-жылга коррупцияга каршы пландарынын толук экендигине жана 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясына шайкеш келүүсүнө мониторинг жүргүзүү керек экендиги айтылган Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин Ж.Разаковдун 2017-жылдын 24-январындагы № 23-289 тапшырмасы менен жыйындын катышуучуларын тааныштырды. ФЧМКнын коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуусу 2016-жылга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ФЧМКнын отчетун берди, ФЧМКнын 2016-жылдын 15-декабрындагы № 71/Ө буйругу менен бекитилген 2017-жылга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ФЧМКнын планын көрсөттү, ФЧМКнын 2016-жылдын 15-октябрындагы № 63/Ө буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматындагы коррупциялык тобокелдиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматындагы коррупциогендүү кызмат орундарынын тизмеги менен тааныштырды.

Ошондой эле 2016-жылдын 4-кварталында ФЧМКнын мамлекеттик кызматчылары тарабынан «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин бузуу учурлары болгон жоктугу тууралуу (чыг. № 01-1/8, 05.01.2017-ж.) жана ФЧМКнын ар бир мамлекеттик кызматчысынан коррупциялык укук бузууларга жол бербөө максатында чектөөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жазуу түрүндө милдеттенме алынгандыгы жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына жиберилди.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын 2017-жылдын 24-февралындагы № 05-4/109 катына ылайык ФЧМК тарабынан Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш тарабынан кароосу жана андан ары бекитүүсү үчүн ФЧМКдагы коррупция тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги жиберилди (чыг. № 01-1/281, 15.03.2017-ж.).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын 2017-жылдын 2-мартындагы № 23-7428 катына ылайык ФЧМК өзүнүн компетенциясынын чегинде электрондук варианттагы тиркемеси менен Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү экономикалык кызматташтык боюнча жана коррупцияга каршы күрөшүүнү өнүктүрүү боюнча уюмдун тармагы менен ишке ашырылуучу Коорупцияга каршы күрөшүү боюнча стамбул иш-аракеттер планынын толтурулган иш программасын жиберди (чыг. № 01-1/244, 06.03.2017-ж.).

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2017-жылдын 18-январындагы чыг. № 11/1-9р-17 (2017-жылдын 13-февралындагы электрондук почта боюнча алынды) жана 2017-жылдын 10-февралындагы № 11/1-23р-17 Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү экономикалык кызматташтык боюнча жана коррупцияга каршы күрөшүүнү өнүктүрүү боюнча уюмдун тармагы менен ишке ашырылуучу Коорупцияга каршы күрөшүү боюнча стамбул иш-аракеттер планы жөнүндө суроо-талаптары боюнча ФЧМКдан алар боюнча жооптор жиберилди (чыг. № 01-1/183, 14.02.2017-ж. жана чыг. № 01-1/248, 06.03.2017-ж.).

2017-жылдын 9-мартынан 10-мартына чейинки мезгилде ФЧМКнын коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуусу Кыргыз Республикасы менен Европа Кеңешинин ортосундагы “Кыргыз Республикасында коррупцияны алдын алуу жана каршы аракеттенүү боюнча чараларды күчөтүү” долбоорунун расмий презентациясына жана Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы экспертизанын механизмдерин иштеп чыгуу боюнча иш кеңешмесине катышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын 2017-жылдын 6-мартындагы № 13-872 “2016-жылдын жыйынтыгы боюнча 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө” (мындан ары – План) маселеси боюнча протоколдук тапшырмасын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 23-123 (кир. № 202/1, 27.03.2017-ж.) телефонограммасын, ошондой эле Планды аткаруунун жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалымкатын аткаруу максатында ФЧМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жооп жиберилди (чыг. № 01-1/351, 28.03.2017-ж.).

11. Кадрдык иш

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, отчёттук мезгил ичинде ФЧМКда мамлекеттик административдик кызматтын «кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү бөлүмүнүн улук инспектору» жана «уюштуруу-укук бөлүмүнүн улук инспектору» бош орундарын ээлөөгө уюштуруу иштери жүргүзүлдү.

Анкеталар даярдалды жана ФЧМКнын мамлекеттик кызматчыларынын арасында жашыруун сурамжылоо жүргүзүлдү, кадрдык ишти мониторингдөө (2017-жылдын 14-16-февралы, КР Мамлекеттик кадр кызматы);

Кызматчылардын эмгек тартибине дайыма мониторинг, ФЧМКнын буйруктарынын өз убагында аткарылышына контролдоо жүргүзүлүп турат.

ФЧМКнын кызматчысы статистикалык отчеттордун жаңы формаларын түзүү боюнча семинарга, «УЧР» автоматташтырылган маалыматтык системаны колдонуу боюнча окууга (2017-жылдын 16, 17-январы, КР МКК), кызматчылардын ишин баалоо маселеси боюнча окутуучу семинарга (2017-жылдын 23-марты, КР МКК), мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын жашыруун сурамжылоосунун жыйынтыктарын эсептөө боюнча ведомстволор аралык комиссияга (2017-жылдын 29-марты) катышты.

12. Аткаруучулук тартип:

2017-жылдын I кварталында ФЧМК аткаруучулук боюнча төмөнкүдөй иштерди жүргүздү:

1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктарын:

Тапшырмалар

Бардык келип түшкөн

Бардык контролдо турган

Аткарылды

Аткарылууда

Бардыгы

Анын ичинде мөөнөтүн бузуу м/н

1

КР Мыйзамдары

7

-

-

-

-

2

КР Президентинин Жарлыктары

8

-

-

-

-

3

КР Президентинин Буйруктары

-

-

-

-

-

4

КР Жогорку Кеңешинин токтому

1

-

-

-

-

5

КР Өкмөтүнүн токтому

21

1

1

-

-

6

КР Өкмөтүнүн буйругу

6

5

3

-

2

7

КР Премьер-министринин буйругу

4

1

1

-

-

8

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин буйругу

2

-

-

-

-

БАРДЫГЫ:

49

7

5

-

2

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жетекчилигинин жана Аппаратынын тапшырмалары:

Тапшырмалар

Бардык келип түшкөн

Бардык контролдо турган

Аткарылды

Аткарылууда

Бардыгы

Анын ичинде мөөнөтүн бузуу м/н

1

КР Президентинин Аппараты

4

4

4

-

-

2

КР Премьер-министри

2

2

2

-

-

3

КР вице-премьер-министри

18

4

4

-

-

4

КР Өкмөтүнүн Аппараты

80

69

64

-

5

5

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы

12

10

10

-

-

6

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Коррупцияга каршы саясат бөлүмү

2

2

2

-

-

БАРДЫГЫ:

118

91

86

-

5

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, комитеттеринин жана фракцияларынын суроо-талаптарын аткаруу:

Документтин түрү

Бардыгы

Бардык контролдо турган

Аткарылды

Аткарылууда

Бардыгы

Анын ичинде мөөнөтүн бузуу м/н

1

Комитеттердин суроо-талаптары

2

2

-

-

-

Бардыгы:

2

2

-

-

-