Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФАТФтын Пленардык жыйынынын жыйынтыгы боюнча ачык билдирүү

07-03-2018

Париж, Франция 2018-жылдын 23-февралы. Акчаларды адалдоого каршы күрөшүү чараларын иштеп чыгуучу топ (ФАТФ) эл аралык деңгээлде акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (АА/ТКК) чөйрөсүндөгү стандарттарды белгилеген уюм болуп саналат. Эл аралык финансылык системаны АА/ТК тобокелдиктеринен коргоо жана улуттук режимдерди ФАТФтын АА/ТКК эл аралык стандарттарына толугурак шайкеш келтирүүгө жардамдашуу максатында, ФАТФ АА/ТКК системасында стратегиялык кемчиликтери бар юрисдикциялардын тизмесин аныктаган жана эл аралык финансылык системага коркунуч келтирүүчү ушул кемчиликтерин жоюу боюнча алар менен иш жүргүзүп келет.