Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

17-05-2018

Эл аралык тизмеге киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор:

1) Ливия боюнча 1970 (2011) резолюциясына ылайык түзүлгөн БУУ КК Комитетинин 2018-жылдын 29-апрелиндеги чечими менен "Lynn S" деңиз кемесине 2146 (2014) резолюциясынын 10 (а) жана 10 (b) пункттарында жана 2362 (2017) резолюциясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн – жүктөп алууга, ташууга же жүктү түшүрүүгө тыюу салуу жана портторго кирүүгө тыюу салуу каралган чаралар көрүлбөйт.

2) Борбор Африкалык Республика боюнча 2127 (2013) резолюциясы менен түзүлгөн БУУ КК Комитети тарабынан 2018-жылдын 26-апрелинде идентификациялык коду CFi.008. болгон жеке жак боюнча 2399 (2018) резолюциясынын 9 жана 16-пункттарына ылайык барып-келүүгө тыюу салынууга жаткан жактардын тизмесине өзгөртүүлөр киргизилди (туулган даталары киргизилди).

Маалымат берүүчү жактар жана акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар дароо тейленип жаткан бардык кардарларынжана алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (бар болсо) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмесинде аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуулары зарыл.