Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Баардык жеке жана юридикалык жактарга

27-12-2018

1. ИГИЛ (ДАИШ), Аль-Каида жана алар менен байланышкан жактар, топтор жана уюмдарга тийиштүү 1267 (1999), 1989 (2011) жана 2253 (2015) резолюциялары менен түзүлгөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитети 2018-жылдын 19-ноябрында 2368 (2017) БУУ ККнын резолюциясынын 1-пунктунда жана БУУнун Уставынын VII главасында баяндалган Активдерин тоңдурууга, барып-келүүгө тыюу салынууга жана куралдарды жеткирүүгө тыюу салынууга жаткан жактардын жана уюмдардын тизмесине төмөнкү жеке жакты киргизди:

А. Жеке жактар:

QDi.420 Аты: HAJJI `ABD AL-NASIR. Т.д.: 1965 менен 1969 ортосунда. Т.ж.:Tall`Afar, Iraq.

2. Түштүк Судан боюнча 2206 (2015) резолюциясы менен түзүлгөн БУУ КК Комитети 2018-жылдын 21-ноябрында 2206 (2015) БУУ ККнын резолюциясынын 9 жана 12-пунктунда баяндалган барып келүүгө жана финансылык чараларга тыюу салынууга жаткан жактардын тизмесин төмөнкү жеке жак менен толуктады:

SSi.001 Аты: GABRIEL JOK RIAK MAKOLIEM. Т.д. 01.01.1966. Т.ж.: Bor, Sudan/South Sudan.

Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар:

1) өздөрүнүн маалымат базаларын жогоруда аталган тизме менен жаңылантуулары (2018-жылдын 27-декабрындагы абал боюнча);

2) тейленип жаткан бардык кардарларын жана алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (бар болсо) БУУ ККнын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуулары зарыл.