Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерин баалоонун эл аралык борборун (ЭТББ) түзүү боюнча эки тараптуу консультациялар

18-04-2023

2023-жылдын 17-апрелинен 18-апрелине чейин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (ФЧМК) Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңешинин (ФЧБЖ) мүчөлүгүнүн алкагында, Эл аралык тобокелдиктерди баалоо борборунун (ЭТББ) базасында улуттуктан жогорку коркунучтарды аныктоо боюнча биргелешкен ишти уюштуруу маселелери боюнча ФЧМКнын жана Росфинмониторингдин өкүлдөрүнүн эки тараптуу кеңшмеси жана семинары болуп өттү.

Семинардын жүрүшүндө Росфинмониторингдин өкүлдөрү тарабынан финансылык коопсуздуктун "алкактары" концепциясынын презентациясы өткөрүлдү жана маалыматтардын массивин түзүү жана алар менен иштөө тажрыйбасы сунушталды. Россия тараптан келген делегациянын жетекчиси Росфинмониторингдин биринчи орун басары – Ю.Ф. Короткий өз сөзүндө кылмыштуу кирешелерди адалдоонун жана терроризмди каржылоонун улуттуктан жогорку коркунучтарын аныктоонун жана аларды минималдаштыруу боюнча чараларды өз убагында иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар ошондой эле улуттуктан жогорку коркунучтарды аныктоо боюнча иштин жыйынтыктары жана системалуу мааниге ээ ишканалар үчүн коштоочу тобокелдиктерди азайтуу боюнча сунушталган чаралар өлкөнүн жетекчилигине баяндама жасоо үчүн, анын ичинде ЭТББ түзүү жөнүндө макулдашууну макулдашуу боюнча иштин алкагында колдонулушу мүмкүн экенин белгилешти.

ЖЭБдин функционалын практикалык пайдалануу маселелери боюнча ведомстволор аралык семинардын алкагында тутумдагы ресурстарды эске алуу менен талдоо жүргүзүү үчүн эсепке алуу формасын колдонуу менен улуттук деңгээлде тышкы коркунуч туудурган өлкөлөрдү жана жогорку тобокелдиктүү банктарды көрсөтүү менен криминалдык жана көмүскө финансылык агымдардын тартылуу картасы түзүлөт.

Бул иш-чараны жыйынтыктап жатып, ФЧМКнын төрагасы К.К. Асангулов ЭТББ түзүүгө мындан ары активдүү катышуунун зарылдыгын белгилеп, коркунучтарды аныктоо жана тобокелдиктерди улуттук жана улуттуктан жогорку деңгээлде баалоо үчүн ЭТББ тарабынан берилген "билим базасын" пайдаланууга кызыкдар экендигин билдирди.

Эки тараптуу консультациялардын жыйынтыгы боюнча Тараптар ЭТББ дун базасында ишти уюштурууга жалпы мамиле катары ички алсыздыктар айырмаланганда тышкы коркунучтарды аныктоого негизделген финансылык коопсуздуктун улуттуктан жогорку "алкагынын" концепциясын колдошту.

Маалымдама: ЭТББ 2019 – жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңешинин чечими менен "Акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерин баалоонун эл аралык борборун түзүү жөнүндө" Концепция жактырылган. Азыркы учурда ЭТББ түзүү максатында уюштуруу жана укуктук иш-чаралар аяктоодо, анын негизги максаттары натыйжалуу мамлекеттер аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жана ФЧБЖ алкагында бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүү болуп саналат.