Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясына катышты

25-04-2022

2022-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы «Ынтымак I» сейил багына ийне жалбырактуу дарактарды (карагай) отургузду.

Ошондой эле бул иш-чарага “Шаардык сейил бактар” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери да катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана климаттын туруктуулугун жогорулатууга жана жаратылыш мурастарын сактоого багытталган “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын сапаттуу өткөрүү максатында уюштурулду.